1936-жылдын августундагы кече.
Сталиндик репрессиялар машинасы көп баштуу ажыдаардай улам бир инсанды “оп” тартып кетип жатты. Ал эми камакка алына электери өздөрүнүн коомдук парызын аткарып, ишин улантуу менен алек.
Кыргыз айдыңдары үчүн бул доор, бир жагынан, өзгөчө символдук жана өрнөктүү иштердин кезеңи болчу. Себеби ошол 1936-жылы 5-декабрда СССР БАКынын чечими менен Кыргызстан СССРди негиздеген теңата союздук жумурияттардын катарына кошулду. Андан кийинки айларда Кыргызстандын өзүндө жаңы жумурияттык бийлик органдарын калыптандыруу, Башмыйзамды, гербди кабыл алуу, ж.у.с. шаанилүү жана маанилүү иш-аракеттер жүзөгө ашырыла баштады.
Бул – 1936-жылдын кышында жана андан кийинки жылы богон иш-чаралар.
Ал эми андан бир нече ай мурдараак, табияттын телегейи тегиз болгон, бышыкчылыктын август айында Кыргыз АССРинин борборуна айтылуу Николай Иванович Бухарин (09.10.1888 ‑ 15.03.1938) саякат менен келип калды.
Николай Бухарин “Известия” гезитинин баш редактору кызматын (1934-жылдын 26-февралынан 1937-жылдын 16-январына чейин) аркалап жаткан.
Сталиндин тапшырмасы менен ошол жылы февралда Батыш Европага барып, Карл Маркс менен Фридрих Энгелстин архивдеринин бир бөлүгүн сатып алуу аракети майнапсыз аяктаган соң, Бухарин СССРге кайтып келген. Аны “Францияда калып кал” деген чакырыктарды ал четке какканы айтылат.
Жайында Сталин ага эс алууга уруксат берген соң, ал июл-августта дээрлик эки айга тыныгууга чыккан. Аңчылыкты жакшы көргөндүктөн, Кыргызстандын тоолоруна мергенге чыгуу үчүн келген.
Аңчылык менен алектенген Бухарин августтун экинчи жарымында Маскөөдө анын үстүндөгү көк асман кара булутка капталып жатканынан өзү эч кабардар эмес болчу.
Николай Бухарин тоодон кайтып келген чагында Бишкекте (ал кездеги Фрунзе шаарында) Ленин менен Сталиндин үзөңгүлөшү болгон бул инсанды мыкты тосуп алышты. Бишкектин чет жакасындагы коноктор өргүү алган атайын жайда анын урматына сый тамак уюштурулду.
Ошол кабыл алуу учурун “Манас” дастанын кыргыз тилинен орусчага которуп жүргөндөрдүн бири Семён Липкин кайра куруулар маалында эскерип жазган экен.
“Марк Тарловский экөөбүз Москва – Алма-Ата поюзу менен жети күндүк саякатка чыктык... Бизди Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин дачасына алып келишти. Ал борбор шаардан кырк чакырымдай алыстыкта болчу.
..Кийинки күнү эртең менен биз нанүштөдөн соң ашканадан бөлмөгө кайтып келип, кол жазмаларыбызды жайып жаткан кезибизде эшигибизди тыкылдатып калышты", - деп жазат Семён Липкин.
Кирип келген киши аларга мындай деп кайрылат:
— Мени кечирип койсоңуздар. Сыягы, сиздерге жолтоо кылып койдум көрүнөт. Бул жерде москвалык адабиятчылар турат деп угуп, жердештерим менне таанышайын деп келип калдым. Өзүмдү тааныштырууга уруксат этиңиздер: Николай Иванович Бухарин.
Исакеев ‑ Бухаринге: Кыргызда бий өнөрү сакталган!
Адабиятчы жана котормочулар менен таанышкан соң, Николай Бухарин алиги өкмөттүк дачада адабий кече уюштурууга демилгечи болот.
Дачадаы чакан кечеге маскөөлүк коноктордон сырткары Кыргыз АССРинин жетекчилери жана башка жергиликтүү турундар чогулат.
Чогулгандарга котормочу Марк Тарловский “Манас” дастанынын өзү даярдаган орусча котормосунан үзүндү окуп берет.
Андан соң, Семён Липкин да өз котормо вариантынан үзүндү окуйт:
“Ночью — девушка, днем — кумыс.
Так проводит время киргиз...”
Ал кездеги Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Баялы Дыйканбай уулу Исакеев (1897‑1938) да кечеге катышып отурган экен.
Ошол жерде жанданып кетип, Баялы Исакеев “Манас” дастанындагы дал ушул саптарды өз эне тилинде айта калганда, аземге катышып отурган кыргыздар кыраан каткы күлүп калышат.
Николай Бухарин “Маскөөгө кайткандан кийин “Известия” гезитине “Манас” дастаны жөнүндө өзүнчө бир тилкелик маалымат жарыялашыбыз керек экен”, - деп жанындагы Семён Ляндреске айтат (бул убадасы кийин чындап жүзөгө ашырылган).
Андан ары Николай Бухарин кечедегилерге суроо салат:
‑ Бир нерсеге таңым бар. Балким, котормочу жаңылышып калгандыр? Кыргыз чоросу чалгынга чогуу чыккан кытай тектүү үзөңгүлөшү бийлегенине абдан аң-таң калат экен. Демек, чалгынчыны кытай бийинин кооздугу эмес, деги эле киши бийлей ала турган жөндөм таң калтырып жаткандай сезилет. Кантип эле кыргыздар бий өнөрүнөн кабардар эмес болсун?
‑ Алар бий дегенди билишчү эмес, - деп ал кезде ВКП(б) Кыргыз облустук комитетинин Биринчи катчысы болуп иштеп жаткан Морис Львович Белоцкий (1895—1944) сөзгө кошулат. – Адистердин айтымында ушундай экен. Биз азыр жаңыдан гана жумурятта бул өнөрдү өнүктүрө баштадык.
‑ Ишениш кыйын го буга. Ар бир элдин диний жөрөлгөгө байланыштуу, же болбосо, бери дегенде, этнографиялык жааттан алганда бий түрлөрү болот, - деп Бухарин өзүнүн каршы оюн билдирди. – Кыргыздар бул өнөрдөн ныпым куру калган деп эч ишенбейм.
‑ Жолдош Белоцкийдин сөзү бир аз так эмес, - деп Баялы Исакеев сөзгө кошулду. – Жылкычы үйүрдөгү азоону укуруктап кармаган чакта, өзү да ырдап жана бийлеп турат.
‑ Азыр эми минтип бийлей алышабы (кыргыздар)? Ка-ап, эми муну көрбөй калдык го, - деп Бухарин айтса, Исакеев дароо ордунан козголуптур:
‑ Эмне үчүн көрө албайсыз: Мына, азыр көрүп да, угуп да туруңуз.
Кыргыз АССРинин азыркы тил менен айткандагы өкмөт башчысы Баялы Исакеев ортого чыгып, созолонуп ырдап, анын ыргагына ылайык бийлеп да берет.
Ийкемдүү бийге маашырланган Николай Бухарин кол чаап жибергенин Семён Липкин эскерген.
(Булак: Липкин С.И. Бухарин, Сталин и "Манас" //Огонёк. – 1989. ‑ №2.; Липкин С.И. Квадрига: Повесть. Мемуары / Ред., сост. Ю. А. Кувалдин. - М.: Аграф, 1997. - 640 , [1] л. портр. с. ил. - ISBN 5-7784-0015-2 . - ISBN 5-85676-044-1).
Дал ошол эс алуу күндөрү Бухарин Маскөөдө өзүн “эл душмандары” Каменев, Зиновьев менен чогуу айыптап жатышканын басма сөздөн үйрөнгөн соң, шашылыш түрдө Бишкектен Ташкенге жөнөп, андан 25-августта Маскөөгө учак менен кайтып кеткен болчу.
1936-жылы 10-сентябрда Бухаринге карата кылмыш иши убактылуу кыскартылган. Бирок көп узабай ага карата куугунтуктоолор жаңы күч менен улантылып, ал 1937-жылдын февралында кызматынан алынып, болшевиктик партиянын катарыннан чыгарылып, ал эми 27-февралда “эл душманы” катары камакка алынган.
1938-жылы 13-мартта СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Бухаринди антисоветтик оңчул троцкисттик уюмдун өкүлү катары айыптуу деп таап, эң жогорку жазага өкүм кылган. Өкүмгө негиз берген бүтүмдү чыгарган комиссиянын жетекчиси – Анастас Микоян, мүчөлөрү Л. П. Берия, Н. И. Ежов, Н. К. Крупская, Н. С. Хрущёв болгон. Эки күндөн кийин Бухарин Москва облусундагы “Коммунарка” ок атуу үчүн машыгуу жайында аттырылып, сөөгү ошол жайда көмүлгөн. Хрущёвдук “жылымык доордо” да ага жылуу сөз айтылган эмес.
Кайра куруулар доорунда, 1988-жылы 4-февралда Николай Бухарин акталып, ошол жылы июнда маркумдун компартиялык мүчөлүгү калыбына келтирилген.
Кыргыз АССРинин акыркы өкмөт башчысы Баялы Дыйканбай уулу Исакеев көп узабай Кыргыз ССРинин туңгуч өкмөт башчысы болгон. Ал 1937-жылы 24-марттан 8-сентябрга чейин Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы кызматын (азыркы термин менен айтканда, премьер-министрликти) аркалаган.
Бирок анын коомдук омоктуу салымдары сталиндик жазалоочу машине тарабынан эч бир эсепке алынган эмес.
Баялы Исакеев шашылыш чүргөлгөн койондой окшош доолор менен куугунтукка алынгандардын катарын толуктап, 1937-жылы 10-сентябрда жазыксыз жерден камалган. 1938-жылы ноябрда антисоветчи жана чет элдик тыңчы катары аттырылган. 1957-жылы маркум Баялы Исакеев толук акталган, бирок анын элеси жана тарыхый салымдары тууралуу калыс маалымат Кыргызстанда пост-советтик доордо гана жарык көрдү.
“Кара жорго” жана башка бийлер
XXI кылымдын башында кыргыз бий өнөрүнүн аздектөөчүлөрү байыртадан келген бийлердин түрү «кара жоргону» көбүрөөк сөз кыла башташты.
Кыргыз элинде башка да бий түрлөрү болгондугу жана Кытайдагы кыргыз боордоштор ал бийлердин кээ бир түрлөрүн азыркыга чейин сактап калгандыгы айгинеленди.
Дал ошол кезде кинотасма архивдеринин ичинен немис изилдөөчүлөрү 1924-жылы Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Каркыра жайлоосунан кино тасмага тартып алган бир өрнөк жалпыга жарыяланды. Бул өрнөктө кыргыз калпакчан жигит бийлеп жаткандыгы чагылдырылган. Анын бийинин элементтери азыркы калайыкка кеңири жайыла баштаган “Кара жорго” бийинин ийкемдүү кыймылдарына окшоп кетет.
Дагы бир айтаарыбыз – бул сыяктуу бийлер Борбордук жана Ички Азиядагы бардык көчмөн элдерде болгондугу талашсыз. Казактарда, алтайлыктарда, монголдордо, калмактарда ж.б. калктарда кыргыз бийинин түрлөрүнө окшош бийлер арбын болчу. Бул – кыргыз оюуларына окшош мотивдерди Ички Монголиядагы, Монголиядагы, Сибирдеги ар кыл элдердин уздарынын колунан жаралган чыгармалардан кезиктиргендегидей эле кеп.
Эң башкысы, Баялы Исакеев сыяктуу бабаларыбыз Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн гана опол тоодой салым кошпостон, кыргыз маданий мурасын да баалай билген жана коргой билген инсандардан экени жогорудагы мисалдардан улам тастыкталууда.
Айтмакчы, Баялы Исакеевдин ошол кечеде бийлегенин “эл душманы Бухаринге жагалданып, көшөкөрлөнүп бийлеген болчу” деп жаманатты кылып эскергендер да чыккан экен.
Эми тарых бул окуянын катышуучулары бөөдө жерден “эл душманы” катары жазалангандыгын тастыктаган чакта, Баялы Исакеевдин 1936-жылы августта кыргыз бийинин бир түрүн – жылкычы бийин чакан жамааттын алдында шыктана бийлегендигин урпактык ыраазычылык сезими менен улам эскерип турушубуз керек.
1937-жылкы сталиндик жазалоолор Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Төрөкул Айтматов сыяктуу залкар бабалардын өмүрүн мезгилсиз кыйды, бирок алардын үмүт-тилегин эч өлтүрө алган жок. Эгемен Кыргызстанда улуттук маданий асыл-нарктарды сактоо жана өнүктүрүү иштери 1930-жылдарда жазыксыз набыт болгон бабалардын мүдөөсүнө ылайык улантылууда.