Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

"Президенттикке татыктуу айымдар көп"


Кыргызстандагы бир нече саясатчы күзүндө боло турган президенттик шайлоого катышаарын жарыялап, алдыртан даярдык көрө баштады. Ал эми мамлекетти башкарууга аттанам деген аялдардын алигиче үнү угула элек.

Аялдар президенттик шайлоого катышабы? Мамлекет башкаруучуларына ыраазы болбогон кыргыз коому аял талапкерлерди колдошу мүмкүнбү? Кыргызстандын саясатына бышып, анын эл аралык аброюн көтөрө турган талапкер айымдар кимдер?

"Азаттык" "Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги программасын мына ушул маселеге арнады.

Талкууга Аялдардын дискуссиялык клубунун жетекчиси Динара Айткулова, "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева жана "Коомдук анализ институту" коомдук бирикмесинини директору Рита Карасартова катышты.

“Азаттык”: Динара айым, аялдардын башын кошкон бир нече уюмдар президенттик шайлоого катыша турган аялдарды аныктоо жана даярдоо аракетин көрө баштады деген маалыматтар пайда болду. Анын чындыгы барбы? Эгер чын болсо канча талапкерди таптаган жатасыздар жана алар кимдер?

Калктын 52% түзгөн аялдарыбыз эмне үчүн катышпашы керек? Эмне үчүн президенттикке талапкерликке аялдарды чыгара албайбыз? Бул туура эмес! Биздин арабызда президент болууга татыктуу аялдарыбыз абдан көп.
Динара Айткулова

Динара Айткулова: Бир акылман “Өзгөрүүлөргө кайдыгерлик кылуу чоң каталык, ал эми мүмкүнчүлүктү пайдаланбоо андан эки эсе чоң каталык” деп айткан экен. Азыр биз эң чоң окуянын алдында, президентти шайлоо алдында турабыз. Ага калктын 52% түзгөн аялдарыбыз эмне үчүн катышпашы керек? Эмне үчүн президенттикке талапкерликке аялдарды чыгара албайбыз? Биздин арабызда президент болууга татыктуу аялдарыбыз абдан көп. Азыр биз алардын ичинен татыктууларын тандап, алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз көздөп жаткан биринчи айым - Элмира Ибраимова. Бул кишинин тажрыйбасы өтө чоң, саясат жана экономика боюнча билим деңгээли да абдан бийик. Андан тышкары азыр биз президенттин адамдык сапатына зор маани берип жатабыз. Элмира Ибраимованын адамдык сапаты да абдан жогору. Адамдык сапаты жогору болсо элдин ишеними бекем болот. Андан кийинки талапкерибиз Камила Шаршекеева. Бул аялдын билими, тажрыйбасы жогору, дүйнөлүк деңгээлде өзүн көрсөтө алган тажрыйбалуу жетекчи. Андан кийинки көздөгөн адамыбыз Чолпон Жакупова. Ал өзүнүн саясатчы, тажрыйбалуу адам экендигин жана тыңдыгын, бекемдигин көрсөтө алды. Андан кийин саясатка жакшы аралашып келаткан айымдардын бири Алтынай Өмүрбекова деп турабыз.

“Азаттык”: Догдуркүл айым, Кыргызстан Борбор Азияда аял президент башкарган жалгыз өлкө. Быйыл кыргыз коому мамлекет башына аялды тандай алабы? Башкача айтканда, кыргыз коому ага даярбы?

Бирок кайсы гана аял бийликке келбесин коррупцияга аз аралашат, таза болот жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытын алдыга коет. Кыргыз коомунун уучу куру эмес.
Доктургүл Кендирбаева

Доктургүл Кендирбаева: Дүйнөлүк статистикада мамлекетти аял же эркек жакшы башкарып, өлкөсүн туңгуюктан чыгарып кетет деген талдоо жок. Бирок кайсы гана аял бийликке келбесин коррупцияга аз аралашат, таза болот жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү багытын алдыга коет. Кыргыз коомунун уучу куру эмес. Кыргызстан кыйын кырдаалга кептелип турганда КМШнын, анын ичинде Борбор Азиянын тажрыйбасында аял президент болуп иштеп, ишин көрсөткөндүгү көпчүлүккө үмүт берет. Кайсы убакта лидер жаралат? Черчилл “Пессимист мүмкүнчүлүктөн проблеманы көрөт, ал эми оптимист проблемадан мүмкүнчүлүктү көрөт” деп айткандай, калктын 52% аялдар түзгөн кыргыз мамлекети азыр эненин коюнундай бейпил, ар тараптан корголгон камкордукка муктаж болуп турат. Табиятынан даанышман, стратег жана дипломат аялдардын мүмкүнчүлүгү зор. Алар өлкөдөгү социалдык программанын баарын аткарат, ар кандай кыйын кырдаалдан чыгарып кетүү үчүн жанын сабайт. Эгер эртең кыйын кырдаал түзүлөт десе, анын алдын алуу үчүн бүгүнтөн кам көрөт. Бир гана маселе-эркке байланыштуу. Ийгиликтүү адамдан ийгиликсиз адамдын айырмасы эмнеде? Ийгиликтүү адамдын максатты кое билип, эрк менен ошол максатына жетүүгө умтулуусунда. Демек, Кыргызстанда максатты кое билип, эркин көрсөтүп, артынан коомду ээрчите турган аялды таптоочу мезгил жетти.

“Азаттык”: Рита айым, Кыргызстандагы азыркы саясий-коомдук абалды иликтеп, байкоо салган коомдук уюмдун жетекчиси катары саясий процесстерге так жана калыс баа берсеңиз - президенттикке талапкер болчу, мамлекеттин өнүгүүсүнө журт энесиндей кам көрүп, бүткүл элдин башын бириктирип кете турган аялдар барбы? Же жарым миллион акчасы менен добуш бере турган бир канча миң колдоочусу бар адам дымагын көрсөтсө боло берчү кырдаал түзүлүп калдыбы?

Талапкерликке бара турган аял журттун башын бириктирип, жерине, улутуна, карапайымдыгына, саясий көз карашына же Орусияга, же батышка карата көз карашына карабай турган аял болушу керек.
Рита Карасартова

Рита Карасартова: Тилекке каршы, бүгүн биз бириге албай турабыз. Талапкерликке бара турган аял журттун башын бириктирип, жерине, улутуна, карапайымдыгына, саясий көз карашына, Орусияга же батышка карата көз карашына карабай турган аял болушу керек. Бүгүнкү күндө элдин башын бириктире турган нерсе бул - мыйзамдуулук. Динара айым атын атап кеткен аялдардын баары мына ушул мыйзамдуулукту сыйлаган, сактай турган аялдар. Тизме муну менен деле чектелбейт, башка татыктуулар деле бар. Албетте, талапкерлер күрөөгө кое турган каражаттын көлөмү аялдарды коркутушу мүмкүн. Себеби, аял шайлоого катышып, ошончо акчаны жөн жерден короткуча балдарыма жумшап, окутайын, үй алып берейин деген ойдо болушу мүмкүн. Мына ушул каражат жагынан коомдо колдоо болсо татыктуулар чыгат. Эгер аларды баарыбыз колдоп бере турган болсок өлкөнү дүңгүрөтө турган өнүгүүгө жеткирчү аялдарыбыз бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG