Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Медведев: Беларус ЕАЭБ укугун ашкере пайдаланууда


Беларус менен Орусиянын чек арасы. Дубовички
Беларус менен Орусиянын чек арасы. Дубовички

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев беларус премьер-министри Андрей Кобяковдун Орусияга карата айткан сын-пикирин негизсиз деп белгилеп, тескерисинче Беларус жалпы рынокту коргоо боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатат деп билдирди.

Дмитрий Медведевдин айтуусунда, Беларус Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуу укугунан кыянатчылык менен пайдаланууда.

Орусиянын премьери Беларус доомат коюудан мурун өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын карап көрүүгө тийиш экенин, биримдиктин башка мүчөлөрүндө мындай дооматтары жок экенин айтып, Кобяковду өз улутунун кызыкчылыгын биримдиктин кызыкчылыгынан жогору коюп жатат деп айыптады.(KJ)

XS
SM
MD
LG