Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Маевскийди Кыргызстанга экстрадициялоо сунушталды


Ушу тапта Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу УКМК жана Башкы прокуратура башчылары Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаева маалымат берүүдө.

Айрым депутаттар Текебаевди камакка алууга негиз болгон арыздын ээси, орус жараны Леонид Маевский да жоопко тартылышы керек деп сунушутоодо.

Маселен, "Республика Ата-Журттан" депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова:

- Эгер Маевский пара бергени чын болсо ага карата да чара көрүлүшү керек жана аны экстрадициялоо зарыл. Ал пара бердим деп айтып жаткан өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде жооп берүүгө милдеттүү. Абдил Сегизбаев туура айтты, мыйзам баарына тең болушу керек. Андыктан процедуралар да бирдей болушу зарыл, - деди. (RK)

XS
SM
MD
LG