Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Жума намазга тыныгууну узартуу кайрадан сунушталды


Мечит.
Мечит.

Жума күнү түшкү тыныгууну узартуу демилгеси парламентте кайрадан көтөрүлдү. Мындай сунуш менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тазабек Икрамов чыкты. Анын айтуусунда, быйыл Адеп, ыйман жылында мамлекеттик кызматкерлер үчүн жума намазы учурунда тыныгууну узартуу маселеси каралашы керек. Буга байланыштуу депутат бул демилге боюнча парламент жана өкмөттү кайрадан карап чыгууга чакырды.

Жума намаз маалында түшкү тыныгууну узартууну былтыр депутат Тазабек Икрамов сунуштап чыккан. Бирок аны парламенттин социалдык саясат комитети четке каккан. Мындан кийин диний ишмерлер бул депутаттарды кескин сынга алган билдирүү менен чыгып, коомдун кызуу талкуусуна түшкөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG