Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

НАТО жыйынында коргонууга сарпталган каражат талкууланат


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлери Брюсселде 15-февралда өтө турган жыйында коргонууга сарпталган каражаттын көлөмүн жана терроризмге каршы күрөштү талкуулашат. Жыйынга алгачкы жолу АКШнын жаңы дайындалган коргоо министри Жеймс Маттис катышат.

Эки күндүк жыйын алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жыйында трансатлантикалык кызматташтыктын маанилүүлүгү бекемделип, коргонууга сарптай турган каражатты көбөйтүү үчүн АКШны ынандыра алышаарына үмүттөнөөрүн билдирди.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп уюмду “эскирген” деп атап, эгер башка өлкөлөр коргонууга бөлгөн каражаттарын көбөйтпөсө, уюм Кошмо Штаттардын колдоосунан ажыраарын айткан.

Столтенбергдин айтымында, ал буга чейин эки ирет Трамп менен телефон аркылуу дал ушул тема тууралуу сүйлөшкөн.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алып, Украинанын чыгышындагы жаңжалда орусиячыл жикчилерге аскерий колдоо көрсөткөн соң НАТОго мүчө өлкөлөр коргонууга өз ички дүң продукциясынын эки пайызын бөлүүгө милдеттеме алышкан.

XS
SM
MD
LG