Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Атамбаев медицинадагы коррупцияны талкуулады


Саламаттыкты сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча аракеттер күчөтүлүшү керек. Мындай талап бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугушуусунда коюлду.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев бул жаатта жүргүзүлүп жаткан реформалар медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртып, жемкорлукту жоюуну камсыз кылышы шарт экенин баса белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле 16-январда Дача СУ айылына учак кулашынан жабыркагандарды дарылоонун жүрүшү тууралуу да сөз болду.

Министр Талантбек Батыралиев өлкөдө ири медициналык мекемелерди куруу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты арттыруу боюнча иштер тууралуу маалымат берди. (RK)

XS
SM
MD
LG