Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында спирт ичимдиктери сатылбайт


Ичимдикти жок кылуу.
Ичимдикти жок кылуу.

Мындай демилгени жергиликтүү эл өзү көтөрүп чыккан. Өткөн апта соңунда айылдык активисттер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктерди төгүп, жок кылышты. Иш-чарага облустук казыяттын имамдары да катышканы айтылууда.

Ал эми ичимдиктерин сатуудан баш тартып, жок кылууга макулдугун берген ишкерлерге ыраазычылык айтылды. Жалпысы болуп, 26 555 сомдук спирт ичимдиктери жок кылынган.

Буга чейин да Кыргызстандын бир нече айылдарында тургундар спирт ичимдиктеринин сатылышына каршы чыгып, катуу тыюу салынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG