Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

Сиэтл соту АКШ президентинин жарлыгын токтотту


Сиэтлдин Федералдык соту АКШ президенти Дональд Трамптын жети өлкөнүн жарандары жана сириялык качкындардын Кошмо Штаттарга кирүүсүн убактылуу тыюу салган жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алды.

Жума күнү Вашингтон жана Миннесота штаттарынын бийликтеринин федералдык өкмөткө берген арызын карап жатып, судья Жеймс Робарт штаттар бул жарлыктан жапа чегерин далилдей алганын билдирди.

АКШнын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү бул чечим менен таанышкан соң гана комментарий берерин билдирди.

Арызды жазган Вашингтон штатынын генералдык прокурору сот президенттик жарлыгын бүткүл өлкө аймагында токтотконун билдирип, буга чейин тыюу салынган жети өлкө жарандарынын визасы жарактуу экенин маалымдады.

Президент Трамптын иммиграциялык жарлыгынан соң жети өлкөнүн эки жүзгө жакын жараны АКШ аймагына кирерде кармалган. Кийинчерээк өлкөгө кирүүгө уруксат берилген болчу. Ошондой эле иммиграциялык визасы бар миңдеген адамдарга жарлык негизинде визасы жараксыз экени кабарланган.

АКШны “чет элдик террорчулардан” коргоону убада кылган президент Дональд Трамп жети мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин, токтотууну караган жардыгына үч күн мурда, 27-январда кол койгон. Ал мусулман өлкөлөрү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен.

Президенттин жардыгына ылайык, АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтоткон эле.

Эми Сиэтлдин соту кабыл алынган чечим АКШнын жогорку баскычтагы сотунда каралат.

XS
SM
MD
LG