Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:05

Яхьё Машрапов түрк бийлигине таарынычын билдирди


Машрапов балдары менен.
Машрапов балдары менен.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы чабуулга шектүү деп түрк бийликтери тарабынан паспорту интернетке жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхъё Машрапов куру доомат үчүн Түркия бийлигине нааразылыгын «Азаттыкка» билдирди.

- Мен Кыргызстанга учуп атканда түрк полициясы мени бир саат суракка алган. Паспортумду текшерип сүрөткө тартышкан. Менин жаңы жылдагы терактка тиешем жоктугу аныкталган. Ошондон кийин мени кое беришкен. Бирок ошол сурактан кийин эмнегедир менин сүрөтүм шектүү катары интернетке тарады. Мен бул окуяга абдан нааразы болдум. Анткени буга мен эле эмес, менин тууган-уругум да абдан кыжаалат болду.

Түрк маалымат каражаттары 3-январда Кыргызстандык Яхъё Машраповдун паспортунун сүрөтүн терактка шектүү катары жарыялап жиберишкен. (YI)

XS
SM
MD
LG