Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:20

Елисеев кыргызстандык оппозиционерге Интерпол издөөнү токтотконун жарыялады


Алексей Елисеев.
Алексей Елисеев.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакыны саналган адвокат Алексей Елисеев издөөдө жүргөн кыргыз оппозиционерине карата Интерпол издөөнү токтотконун жарыялады. Елисеев “Азаттыкка” маегинде Интерпол издөөнү токтоткон саясатчынын атын атабай турганын билдирди. Бирок Бакиевдердин үй-бүлө мүчөсү эмес экенин айтууда.

-Менин учурдагы юридикалык ишмердигим Латвиядан алган лицензиянын негизинде жургүзүлөт. Кыргызстандан алган адвокаттык лицензия менен эч байланышы жок. Ошондой эле менин клиенттеримдин арасында Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнөн бир да адам жок, - деди Елисеев.

Анын айтуусунда, Интерполго кайрылып, саясий негизде өлкөдөн чыгып кеткен адамдарга кылмыш ишти токтотуу боюнча өтүнүч келтирген. Эл аралык полиция уюму бул өтүнүчтү канааттандырган.

Алексей Елисеев 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөрүнүн бири болгон. Ал апрел ыңкылабынан соң өлкөдөн чыгып кеткен. Елисеевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, сыртынан узак мөөнөткө соттолгон.

Елисеевдин Кыргызстандагы адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн мыйзамсыз узарткан деген жүйө менен мурдагы баш прокурор Аида Саляновага кылмыш иш козголгон.

XS
SM
MD
LG