Экономика министрлиги менен мамлекеттик салык кызматы учурдагы экономикалык шарттарга шайкеш келтирүү үчүн жаңы Салык кодекси иштелип чыкканын жана анын ишкердикке зыяны жок экенин белгилешүүдө.
Акыйкатчы тынчсызданат
Экономика министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жана салык кеңешчилеринин палатасынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Акыйкатчы Кубат Оторбаев ишкерлердин айрым категориясы үчүн ыктыярдуу патенттен баш тартып, бухгалтердик отчеттуулукту күчөтүүнү караган өзгөртүүлөргө каршы билдирүү менен чыкты.
Бирден бухгалтерди жалдап иштетүү оңой эмес да. Эл азыр кыйналып турган учурда мындай чараларды киргизүү мамлекет үчүн өтө эле опурталдуу.Кубат Оторбаев
Акыйкатчы Кубат Оторбаев экономикалык каатчылыктын шартында мындай чаралар майда ишкердик менен алектенгендердин нааразылыгын жарата турганын эскертти:
- Ал жерде азыр ыктыярдуу патент менен иштегендерди бухгалтер жалдагыла деген талап коюлду десек болот. Эми негизи патент менен кимдер иштейт? Ыктыярдуу патент менен иштегендерди чач тарачтар, чакан дүкөндөр, базарда соода кылгандар жана майда ишкердик менен жан баккан ушул сыяктуу калктын катмары түзөт. Ал жерде эки-үч киши шитесе, ошого бирден бухгалтерди жалдап иштетүү оңой эмес да. Эл азыр кыйналып турган учурда мындай чараларды киргизүү мамлекет үчүн өтө эле опурталдуу. Демилгечилерге 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиев дагы ушуга окшогон салыкка байланыштуу чечимди колдоп, кол койгондо 15 миңге жакын адам Ак үйдүн астына чыгып, кийин аны кабыл алуудан баш тартышканын мисал келтирет элем. Ошондуктан буга окшогон чечимдерди ойлонуп туруп анан кабыл алууга туура келет.
Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?
Аялзат: тигүүчүлөрдүн эртеңи эмне болот?
Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, 200 миңден ашык кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат. Адистер өмүрүн тигүү тармагына арнагандар жашы өткөндө пенсия жана башка жөлөкпул албай калуу коркунучу бар экенин айтышат.
Салык кодексинин жаңы долбоорунун 407-беренесинин 4-пунктунда ишкердиктин төрт катмары ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугунан ажыратылат. Аларга соңку 12 айдагы кирешеси кошумча нарк салыгы боюнча босогонун элүү пайыз өлчөмүнөн ашкан салык төлөөчүлөр, уюмдар, товарларды экспорттоо жана импорттоо менен алектенгендер жана бир адамдан ашуун жумушчу жалдагандар кирет.
Салык кеңешчилеринин палатасынын төрайымы жана долбоордун авторлорунун бири Татьяна Ким бул ченем бюджеттик кызыкчылыкты коргоо үчүн киргизилгенин айтты:
- Евразиялык экономикалык биримдиктин чек арасынан Казакстан аркылуу товарлардын көпчүлүк агымы салык алынбаган бойдон өтүүдө. Мындан биздин бюджет көп акча жоготууда. Ошондой эле салык төлөнбөстөн, арзан баада кирген товардын айынан жергиликтүү өндүрүшчүлөр жабыркап, атаандаштыкка туруштук бере алышпай жабылууга дуушар болгон учурлар бар. Ушундай аткезчилик менен киргизилген товарларды каттоого алуу жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо үчүн экспорттук-импорттук операциялар менен иштегендерге ыктыярдуу патент алууга тыюу салуу чарасы киргизилди. Ошондой эле ыктыярдуу патент менен иштеген ишкер бухгалтердик каттоо жүргүзбөгөндүктөн каржылык отчет бере албайт. Жаңы Салык кодексинде мына ошондой жаңы көзөмөл талаптары белгиленди.
Жаңы долбоордун алешемдиктери
Ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу эрежесин жана бир топ өзгөртүүлөрдү камтыган мазмунун сындап, ага каршы билдирүү менен чыгышты. Анткени алардын айтымында, башында Салык кодексинин жаңы долбоорун иштеп чыгууга ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тартылган эмес. Ошондой эле жаңы долбоор буга чейин тараптар менен макулдашылып, талкуудан өтө элек.
Буга чейин салык төлөөгө стимул берген сексенден ашуун механизмдер жоюлуп жатыптыр. Анан кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн салык органдарына чоң ыйгарым укуктарды берген учурлар бар экен.Руслан Акматбек
Жаш ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек жаңы Салык кодекси ишкердикке жеңилдик берүүдөн мурун анын абалын оордотууга багытталып калганын белгиледи:
- Бул өтө шашылыш кабыл алынып жатат. Эгерде катачылыктар болсо же ишкерлердин кызыкчылыгы эске алынбай калса, анда бул Cалык кодекси социалдык чыңалууга түрткү болушу мүмкүн. Биз азыр жаңы редакциясын толук окуп чыгып, ага анализ жасоого үлгүрө элекпиз. Бирок бир сыйра көз жүгүрткөндө эле ишкердиктин абалын оордотуучу ченемдер көзгө илинди. Мисалы, буга чейин салык төлөөгө стимул берген сексенден ашуун механизмдер жоюлуп жатыптыр. Анан кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн салык органдарына чоң ыйгарым укуктарды берген учурлар бар экен. Салык кодексинде так аныкталбаган жана түшүнүксүз терминдер киргизилиптир. Ошол терминдерди салыкчылар каалагандай жоромолдошуп, коррупциялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн көпчүлүгү легалдуу иштеп жаткан ишкердикке карата багытталып калыптыр. Минтип отурса эртең алар жаңы Салык кодекси менен иштеп, башын оорутуп отурбай, көмүскөгө кирип кетиши мүмкүн.
Жаңы салык кодексине муктаждык
Учурда иштеп жаткан Салык кодекси 2009-жылы кабыл алынган. Өткөн жети жылдан бери бул Салык кодексинин 60 пайызына мыйзамдар аркылуу өзгөртүү киргизилип, ал 70тен ашуун жаңы беренелер менен толукталган. Мына ошондуктан буга чейинки өзгөртүүлөр кодекстин жарымынан көбүн түзгөндүктөн сунушталган жаңы мыйзам долбоору Салык кодексинин жаңы редакциясы катары сунушталууда.
Экономика министри Арзыбек Кожошев жаңы Салык кодексин кабыл алууда ишкер чөйрө тынчсызданууга негиз жок экенин белгиледи:
- Салык кодексинин жаңы редакциясын эч кимге көрсөтпөй эле жашырып-жаап иштеп чыгышты деген туура эмес. Биз эреже боюнча кетип жатабыз. Жумушчу топ аны иштеп чыкты. 6-декабрда расмий сайтка жайгаштырып, коомдук талкууга коюлганы жарыяланды. Биз шашылган жокпуз. Ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын келишин дагы деле күтөбүз. Биз Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин мыйзамдарды анын шарттарына шайкеш келтирүү үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы редакциясын иштеп чыгуу зарылдыгы туулду.
Жаңыдан иштелип чыккан Cалык кодекси 191 беттен туруп, 434 беренени ичине камтыйт. Экономика министри Арзыбек Кожошев бул Орусия менен Казакстандын Cалык кодекстерине караганда көлөмү жагынан да чакан, түшүнүүгө жөнөкөй жана салык салуунун деңгээли боюнча либералдуу экенин мисал келтирип, салыштырды.