Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

“Адилет” президенттин жарлыктарына экспертиза жүргүзөт


Президентттин жарлыктарына “Адилет” укуктук клиникасы юридикалык экспертиза жүргүзөт. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, аталган клиника президент чыгарган жарлыктардын мыйзамдуулугун текшерет.

Текебаев экспертизанын жыйынтыгы менен президентке импичмент жарыялоо маселеси боюнча Конституциялык палатага кайрыларын билдирди.

"Президенттин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча материал топтоп, далилдеп, коомчулукка жайылтуу башкы максат”, - деди Текебаев.

“Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин өткөн айда көтөргөн. Буга президенттин Баш мыйзамдагы ыйгарым укугунан аша чапкан бир топ жагдайларды негиз катары көрсөтүшүүдө.

Бирок талдоочулар азыркы парламент президентке импичмент жарыялоого батынбасын айтып, муну ишке ашпай турган демилге катары баалашууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG