Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрда иш сапар менен Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, сапар учурунда Атамбаев Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар койду.