Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Рахмон үч жылда электр таңкыстыгын жоёрун билдирди


Рахмон парламент жыйынында.
Рахмон парламент жыйынында.

22-декабрдагы жылдык кайрылуусунда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өлкөсү алдыңкы үч жылда энергетикалык таңкыстыктан арыларын билдирди.

Анын эсебинде ушу кезге чейин стратегиялык Рогун ГЭСинин курулушуна 12 млрд сомони сарпталган. Быйыл ага 2,16 млрд сомони бөлүнгөн.

- 2018-жылы гидротүйүндүн биринчи агрегаты ишке берилет. А үч жылдан кийин энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз,- деди президент.

Ошондой эле эмки жылы Нурек жана Кайраккум ГЭСтерин жаңылоого 3 млрд ашуун сомони каралганын кошумчалады.

Жыл сайын кышкысын Тажикстанда 2,5 млрд кВт/саат электрге муктаждык жаралат. Буга байланыштуу октябрдан майга чейин өлкө боюнча энерголимит киргизилген.

XS
SM
MD
LG