АКШнын Борбордук банкынын милдетин кошо аткарган Федералдык резерв системасы быйыл биринчи ирет пайыздык ченди 0,25% көтөрдү. Эми ал 0,75% барабар болду. Бул эми АКШда насыянын үстөк пайызы ушунчага өсөт дегенди билдирет.
Акыркы ирет үстөк пайыз өткөн жылы көтөрүлгөн. Ага чейин он жыл бою өскөн эмес. Тескерисинче, 2008-жылдагы каржы кризиси учурунда резерв системасы үстөктү нөлгө түшүргөн болчу.
Быйыл ноябрга карата АКШда жумушсуздук тогуз жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч 4,6% түшүп, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулаган. Бул жыл жарымынан тарта экономикалык өсүш темпин тездеткен. Удаа эле инфляция көрсөткүчтөрү да жогорулай баштаган. "Мына ушулар чечимибизге негиз берди" деди ФРС төрайымы Жанет Йелен:
- Биздин ченемди көтөрүү чечимибиз экономикадагы прогресске ишенгенибизден улам болду. Ушул динамика дагы да сакталат деп ойлойбуз.
Йелен эмки жылы пайыздык чен өлчөмдү үч ирет көтөрүү ниети болгонун ачык айтты. Ошол эле учурда алар келаткан жылда Дональд Трамптын каржы-экономикалык саясатын, мунай баасын жана башка факторлорду да эске алмакчы.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп салыктарды төмөндөтүп, инфраструктуралык чыгымдарды көбөйтүп, мамлекеттик көзөмөлдү азайтууну убада кылган. Эгер андай болсо аз салык төлөп, жумуш табуу мүмкүнчүлүгү жогорулагандыктан карапайым элдин колунда каражат көбөйүшү күтүлөт. Андайда насыя алуу мүмкүндүгү өсөт.
АКШ дүйнөлүк базарда чоң орунду ээлегендиктен, пайыздык ченди көтөрөр замат фондулук биржаларда айрым көрсөткүчтөр төмөндөдү. Маселен, доллардын дүйнөдөгү маанилүү валюталар, евро, фунт стерлинг, швед кронасы, швейцариялык франкка карата баасы бир пайыздан көбүрөөк өсүп, 14 жыл мурдагы эң жогорку курска жетти. Рублга карата да 1 пайызга көтөрүлдү. Билдирүүдөн кийин мунайдын баасы дароо 2% ылдыйлады.
Үстөк пайыздын жогорулашы АКШга товар саткан өлкөлөргө пайдалуу экенин каржы-экономика талдоочулары белгилешүүдө. Ириде Кытай юанынын долларга карата арзандашынан улам ал жердеги ишкерлерге атаандаштык жаатында жагымдуу шарттар жаралат.
АКШдагы Брукинг институтунун экономикалык изилдөөчүсү Девид Доллардын болжолу мындай:
- Федералдык резерв системасынын пайыздык ченди көтөрүшүнүн өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн жаман да, жакшы да жагы бар. Жакшысы – АКШ экономикасынын өсүшү. Мындан улам АКШ импортту көбөйтөт. Бул биздин Кытай сыяктуу өнөктөштөргө жагымдуу. Экинчиден, капиталдын да баасы өсөт. Мүмкүн Кытай да пайыздык ченин көтөрүп, өз валютасын өз алдынча башкарууга, андан улам каржы тобокелдиктерине барууга аргасыз болот. Менимче, бул макробашкарууну азыноолок татаалдантат. Бирок, негизинен бул жакшы жаңылык. Анткени АКШ экономикасынын иши илгерилегени дүйнөлүк башка экономикаларга да стимул берет.
Арийне, доллардын бекемделүүсү дүйнө өлкөлөрүндө чийки заттын, андан улам бардык товарлардын баасын көтөрөрү белгиленүүдө. Ошол эле учурда пайыздык чен азыр тарыхый төмөнкү деңгээлде экени эске алынып, анын акырындап көтөрүлүүсү кыска аралыкта катуу запкысын тийгизбейт деп болжолдонууда.