Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

"Референдум бир адамдын таңуулоосу болду"


Эрика Марат.
Эрика Марат.

Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгы жана конституциялык өзгөртүүлөрдүн күңгөй-тескейи тууралуу Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, жекшембидеги референдумда шайлоочулардын 80 пайыздайы Конституцияны өзгөртүүнү колдошту. Шайлоого катышкандардын басымдуу бөлүгү жаңы өзгөртүүлөрдү колдоп добуш бергенине эмне түрткү болду?

Эрика Марат: Бул референдумда калктын 40 пайыздайы гана добуш берди. Буга биометрика тапшыруу машакатынан баштап, референдумдун мааниси тууралуу эл ичиндеги мааанай да себеп болду. Адатта улуттук шайлоолорго караганда жергиликтүү шайлоолорго эл азыраак келет. Менимче, бул жерде Бакиев жана Акаевдин убагындай эле административдик ресурс ишке киргизилди. Ар кыл деңгээлдеги өкмөттүк мекемелердин кызматкерлерин добуш берүүгө мажбурлашты. Конституциялык өзгөрүүлөрдү колдогон жана ресурстары көп партиялар, ачык айтканда акча төлөй алгандар, добушканаларга референдумду колдогон адамдардын келишине шарт түзүштү.

“Азаттык”: Конституцияны өзгөртүүгө оппозиция өкүлдөрү каршы чыгышкан. Кыргызстандын саясий элитасы референдум боюнча так бир мунаса таба алган жок. Бул референдум Кыргызстандын тарыхында кандай мүнөздөмөгө ээ болот?

Менимче, бул жерде Бакиев жана Акаевдин убагындай эле административдик ресурс ишке киргизилди. Ар кыл деңгээлдеги өкмөттүк мекемелердин кызматкерлерин добуш берүүгө мажбурлашты.

Эрика Марат: 2010-жылы кандай гана кемчилиги же артыкчылыгы болбосун, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин аз да болсо саясий жараяндар байкалган. Бир аз болсо да саясий дебаттар өтүп, парламенттик шайлоодо атаандаштык болгон. Кыргызстан демократиянын башаты көрүнгөн өлкөгө окшошуп бараткан. Атамбаев оппозициянын жана жарандык коомдун, юристтердин каршылыгына карабай жарым жыл ичинде бул таңууланган референдум аркылуу соңку беш жылдагы демократиялык аракеттерди чийип салды. Эми кайрадан Кыргызстандын келечеги бүдөмүк: саясий процесстер кандай болоору, шайлоолор кандай өтөөрү белгисиз. Тилекке каршы бул референдумдун тарыхтагы орду өзүнүн жана өз партиясынын бийлигин сактап калууга аракеттенген Акаев жана Бакиевдердин учурундагы референдумдар сыяктуу эле болот.

“Азаттык”: Өз кезегинде президент Атамбаев жана референдумду колдогон саясатчылар жаңы Башмыйзам өлкөгө пайда гана алып келерин айтып жатышат. Айрым өзгөртүүлөргө ылайык, премьер-министрдин ыйгарым укугу кеңейет, фракциялардын коалициядан чыгуусу татаалдашат, премьер-министрдин жана вице-премьер-министрдин депутаттык мандаты сакталып калат. Мындан тышкары Кыргызстанда бир жыныстуу никеге турууга уруксат болбойт жана эл аралык мыйзамдар мурдагыдай күчкө ээ болбой калат. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын саясатына жана элдин жашоосуна кандай таасирин тийгизет?

Эрика Марат: Сиз ар кыл өзгөртүүлөрдү санап өттүңүз. Алардын саны отуздай болсо керек. Алар ушунчалык ар түрдүү жана саясий-социалдык жашоонун ар башка тармактарына таандык. Аларга макулмун же каршымын деп бир эле суроонун алдында добуш берүү – кайрадан эле референдумду таңуулоого жатат. Саясий ыйгарым укуктарын узарткысы келген бир адамдын же бир кабинеттин өз саясий көз караштарынын таңуулоосу болду.

Президент Атамбаев добуш берүү учурунда. 11-декабрь, 2016-жыл
Президент Атамбаев добуш берүү учурунда. 11-декабрь, 2016-жыл

​​Андыктан премьер-министрдин ролу же нике сыяктуу маселелердин баары азыр мааниге ээ болбой калды. Анткени саясий талкуу болгон жок. Өзгөртүүлөрдү коомчулуктун салмактап түшүнүүсү үчүн саясий дебаттар болгон жок. Бул көрүнүш келечектеги бардык өзгөртүүлөр да дебаттар аркылуу эмес, таңуулоо аркылуу кабыл алынат дегенди билдирет. Мисалы Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык уюмдардын оюн укпай койсо болоору тууралуу өзгөртүү толук талкууланган жок. Эми алар жөнүндө кеп кылуунун мааниси жок. Анткени бул өзгөртүүлөр Атамбаевдин жана анын кабинетинин гана кызыкчылыгын чагылдырат.​

“Азаттык”: Кантсе да бул өзгөртүүлөр кабыл алынды. Эл ага добуш берди. Ошондо жаңы өзгөртүүлөрдүн натыйжасы же таасири кандай болот?

Эрика Марат: Албетте, алардын таасири болот. Бул ЛГБТ топторун куугунтуктоого жол ачат, Кыргызстан эми БУУнун сунуштарын көз жаздымда калтырып кое алат. Бул өзгөртүүлөрдүн таасири алардын жакшы же жаман болгонуна байланыштуу эмес. Балким кээ бир беренелерге макул болуп, кайсы бирине каршы чыкса болот. Бирок бул өзгөртүүлөр бир адам аркылуу гана кабыл алынганы үчүн Кыргызстандын жарандарына таасирин тийгизет. Конституциядагы өзгөртүүлөрдүн жашоого таасири парламент же шайлоочулардын эркине эмес, бир адамдын эркине ылайык болуп жатат. Бул - бир адам тарабынан кабыл алынган өзгөртүүлөр.

Алардын ичинде каалаган маселе болушу мүмкүн. Бирок ал азыр мааниге ээ эмес. Анткени бул өзгөртүүлөр таңууланды. 2017-жылдын декабрынан тарта Кыргызстандагы саясий-социалдык жашоо Атамбаевдин жеке көз карашынын таасиринде жана көлөкөсүндө болот. Мен үчүн Конституциядагы өзгөртүүлөр эмес, дал ушул нерсе көбүрөөк маанилүү.

“Азаттык”: Анда сиз сүрөттөгөн бул абалдын кесепети кандай болот?

Эрика Марат: Жалпы картинаны караганда бир чоң кесепетти көрүп жатам. Атамбаевдин ордун ким басса да, таңуулоо салты улана бермей болду. Атамбаевде мөөнөтүнүн акырына чейин отуруп, Баш мыйзамды өзгөртпөгөн жалгыз президент катары тарыхта калуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал бул мүмкүнчүлүктү коё берди. Кийинки президентте же премьер-министрде да ушундай эле өзгөртүү каалоосу кала берет. Биз бул циклден чыга албай калдык. Атамбаев сыяктуу салыштырмалуу демократиялык жол менен шайланган лидер болобу же бурмаланган шайлоо аркылуу бийликке келген жетекчи болобу, ал адам системаны өзүнө ылайыктап өзгөртө берет. Атамбаев бул циклди буза алган жок.

Бир нерсе белгилеп кетким келет. Мен Вашингтондо жашайм. Орусияда, Европада же Америкада жашаган жүз миңдеген мекендештер сыяктуу эле биз добуш берүүдөн таптакыр чыгып калгандайбыз. Керек болсо Вашингтондо элчиликтен алыс эмес жашаган мен үчүн да биометрияны берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Себеби биометрия жабдыгы ноябрь айында майрамдар учурунда эки күнгө гана келген. Бул тууралуу маалымат нормалдуу каналдар аркылуу таратылган жок. Мен референдумда каршы добуш берүү үчүн биометриканы бергим келген эле. Чикаго жана Нью-Йоркто өтө чоң диаспора болгонуна карабастан, биометрияны Вашингтондо гана берсе болот. Орусияда да ошол эле көрүнүш. Биз өкмөт үчүн жок сыяктуубуз. Биометрия бизди толугу менен шайлоодон четтетип койду.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG