Алдын ала маалыматтарга караганда, референдумга катышкандардын 79 пайыздан ашууну Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы билдирди. Акыркы жыйынтыктар саналып жаткандыктан, cан дагы өзгөрүшү мүмкүн.
Кечки саат тогуздагы маалыматка караганда, добуш бергендердин 812 миң 372си колдоп, 155 миң 540 каршы болушту. Бюллеттендердин 51 миң 175и жараксыз деп табылды.
Атамбаев: Чоң өзгөрүүлөр болот
Бир нече айга созулган талкуудан соң Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өттү. Президент жана ага жакын күчтөр баштаган бул демилге мурдагы өнөктөштөрдүн мамилесин бузуп, саясий каршылыштарга айлантты. Коомчулукта курч талкууну пайда кылып, айрым оппозициячыл күчтөрдүн биригүүсүн шарттады.
Бүгүнкү референдумда Конституцияга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым укук-милдеттерине жана жарандардын укуктарына, эркиндиктерине байланышкан жалпысынан 26 өзгөртүү жарандарга сунушталды.
Президент Алмазбек Атамбаев бул өзгөрүүлөрдүн негизги өзөгү мамлекеттүүлүктү бекемдеп, бийлик ортосундагы тең салмакты камсыз кылуу экенин айтып келет. Референдумга добуш берүүдө да муну дагы бир ирет кайталап, өлкөгө оң өзгөрүүлөрдү алып келерине ишенерин айтты:
- Кыргызстанга абдан чоң өзгөрүүлөр келди. Кудай буюрса, элибиз референдумду колдоп, бул жакшы өзгөрүүлөр артка кетпегендей болот деген үмүттөмүн.
Алмазбек Атамбаев атаган эң чоң өзгөрүүлөр дегенде Баш мыйзамдын 41-беренесине киргизилип жаткан өзгөртүүнү да атап келет. Жаңы сунушка ылайык, мурдагыдан айырмаланып, эл аралык уюмдардын чечимин аткарууну же аткарбоону Кыргызстан өзү чечет.
Буга бийлик укук коргоочу Азимжан Аскаровду ишин мисал келтирип, эл аралык уюмдар өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары көрсөтүп келет.
Ал эми парламенттеги бийликчил Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү саясий мааниси чоң окуя катары баалоодо. Анын жүйөсүндө, бул жараян үй-бүлөлүк башкаруудан биротоло кетүүгө жол ачат:
- Апрел ыңкылабынын негизги талабы үй-бүлөлүк башкаруудан кетүү болуп, эл көтөрүлүп чыккан эле. Ошондуктан бул жолку конституциялык реформаны ыңкылаптын уландысы катары атасак болот. Анткени, бул өзгөртүүлөр аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын күчөтүп, тең салмактуулукту камсыз кылууга арналган. Ал эми канчалык баланс болсо, өлкөдө ошончолук туруктуулук орнойт.
Бирок буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан мурдагы президент Роза Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, оппозиция бийликтин бул аракетин Апрел ыңкылабынын жеңишин жокко чыгаруу аракети катары сыпаттап келишет. Ошондой эле бийликти узурпациялоо катары баалашууда.
Оппозиция колдобогон референдум
Оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров референдум өлкөдөгү мындан аркы туруктуулукка терс таасирин тийгизерин айтууда:
- Терс натыйжадан башка таасири болбойт. Себеби, референдумду эмне кылса деле өткөрөт. Элдин добушу, келип-кетиши деле кызыктырбайт. Бирок балээнин баары референдум өткөн соң башталат. Анткени, мыйзамдык вакуум болот. Конституциянын талабы бир, ал эми өлкөдөгү күчүндөгү мыйзамдар башка. Алардын баарын Конституциянын талабына алып келиш үчүн сабаттуу, салабаттуу парламент керек. Ал эми азыркы парламенттин бүгүнкү абалы белгилүү.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов Баш мыйзамды өзгөртүүгө белсенүү менен президент Алмазбек Атамбаев саясий салмагын тобокелге салды деген пикирде:
- Референдум өтө төмөн катышуу менен өткөнү турат. Ошондуктан, бул жыйынтыкты президент Атамбаев өз жеңиши катары баалашына негиз жок. Муну орусча айтканда “пиррово победа” же жеңилүүгө тете жеңиш катары бааласак болот. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрөйүн деп жатып, Атамбаев өзүнүн саясий келечегин тобокелдикке салганы анык болуп калды.
Чындыгында эле референдумду жергиликтүү шайлоолор менен бир күндө өткөнүнө карабай жарандардын катышуусу мурдагы жылдарга караганда төмөн болууда.
Акыркы маалыматтарга караганда, добуш бергендердин саны саат 18ге карата 30 пайыздан ашты. Бул мурдагы жылдардагы шайлоого караганда төмөн.
Видео: Жаштар кантип добуш берди?
Бүгүн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Ага эки миллиондон ашуун шайлоочу катышууга акылуу болчу. Добуш берүүчүлөрдүн 1 миллион 19 миңден ашууну келди.