Мамлекет бөлгөн акчадан тышкары демөөрчүлөрдөн 3 миллион доллар түшкөнү менен анын коомдук уюм деп саналган Улуттук олимпиада комитетине которулганы түшүнбөстүк жаратып, мында жемкордук аракеттери болушу мүмкүндүгү айтылды.
Жергиликтүү эксперттер болсо коррупция боюнча мамлекеттик деңгээлде шаан-шөкөт өткөрүү куруу-оңдоо иштеринен кийинки орунду ээлей турганын билдирип жатышат.
Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби
Көчмөндөр оюндары: чыгымдардын эсеби
Казына каржалып турганда көчмөндөр оюнун өткөрүүгө миллиарддаган сом сарпталганы коомчулукта сынга алынды.
Фракция жыйынына Маданият, маалымат жана туризм, Транспорт, Финансы министрликтеринин өкүлдөрү, Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мекемесинин жетекчилери катышты.
Анда Көчмөндөр оюндарынын чыгымы, бул боюнча өкмөттүн отчету жоктугу боюнча сөз болду. Каржы министрлиги билдиргендей, оюндарга жалпысынан 30,5 миллиондон ашык доллар же 2 млрд сомдон ашык каражат сарпталган. Анын 1,6 миллиарды Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушуна кеткен, Маданият министрлигине 37 миллион сом, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине 159,4 миллион сом, оюндардын ачылыш жана жабылышына 125 млн сом бөлүнгөн.
Кырчын жайлоосундагы этношаарча республика боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, элдин жардамы менен курулган. 3 миллион доллар демөөрчүлөрдөн чогултулуп, Улуттук олимпиада комитетинин эсебине которулганын Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов айтты:
- План боюнча бюджетке кете турган эле акча болчу. Бирок сынак жарыялоо, компанияларды тандоо жараяндары аябай татаалдашып кеткенине байланыштуу УОКтун жетекчисинен сунуш түштү. Аларда жыл сайын аудит болот. Аларда баары ачык. Кааласаңыздар Олимпиада комитети бардык жумшалган акча боюнча өз отчетун көрсөтүп берет.
Жамангуловдун мындай маалыматы депутаттардын кызуу талкуусуна түштү. Алар Улуттук олимпиада комитети коомдук уюм болуп саналгандыктан, ага “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын тиешеси жоктугун эске салып, муну чыгымдарды коомдук жана мамлекеттик көзөмөлдөн жашыруу ниети катары баалашты.
"Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Көчмөндөр оюндарын өткөрүү чечими терең ойлонулбай эле кабыл алынганын, аны уюштуруу боюнча тапшырманы жобого ылайык өкмөт эмес, президенттик аппарат бергенин билдирди:
- Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча чечимди ким жана качан кабыл алды деген суроого жооп тапкан жокпуз. Өкмөт мүчөлөрүнүн бири дагы жооп бере албады. Иш-чараны уюштуруу алдын ала мерчемделбестен, чукул кабыл алынганы ачыкка чыкты. Ошол себептүү ага быйылкы жылдын бюджетинен бир тыйын каралган эмес. Оюндарды өткөрүүгө президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков тарабынан тапшырма берилип, өкмөт каражат издей баштаганы белгилүү болду.
Текебаевдин айтымында, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү шылтоосу менен Жогорку Кеңеш бекитип берген социалдык долбоорлор аткарылбай калды. Маселен, июлдун этегинде Мамлекеттик ипотека компаниясынан 125 миллион сом алынган. Өкмөт мектептерди курууга бөлүнгөн каражаттын көбүн Көчмөндөр оюндарын утурлай Балыкчы-Корумду жолуна сарптап жиберген.
“Ата Мекен” фракциясы Баш мыйзамды, парламент бекиткен документ жана мамлекеттик программаларды сактоого өкмөттү чакырып, эгер президент жана анын аппаратындагылардын тапшырмасы мыйзамга каршы келсе, аны аткарбай коюуну сунуштады. Ошентип, фракция жакында Көчмөндөр оюндарына кеткен каражат, чыгымдарды иликтеп чыгып, өкмөттүн отчетун уга турган болууда.
"Дүйнөлүк" деп аталгандан кийин башка мамлекеттер да эстафетаны алышы керек. Бирок эч ким алган жок. Демек, инвестиция жактан алып караганда натыйжалуу эместигин баары түшүнүп турат.Азамат Аттокуров
Расмий маалыматтар боюнча, быйыл мамлекеттик деңгээлдеги той-топурларга 4,5 млрд сом акча жумшалган. Ошол эле маалда мындай шаан-шөкөттөр коррупция менен коштолору айтылып жүрөт. Эксперт Азамат Аттокуровдун пикиринде, коррупция боюнча мамлекеттик деңгээлде мааракелерди өткөрүү курулуш-оңдоо иштеринен кийин эле экинчи орунда турат. Анын баамында жемкорлор той-топурдан акча өөнөп калууну адатка айланткан:
- Коррупциядан улам мамлекет баарын ачык-айкын айтпай жатат. Чоң бөлүктөргө бөлүп эле маалымат таратып коет. Мисалы, 600 миң сом режиссерлорго же болбосо уюштурууга кетти деген сыяктуу. Бул оюндарга абдан чоң каражат жумшалды. Акча коротууну инвестиция катары караш керек да. Оюндардан канча пайда алдык деген суроо болушу зарыл. Биз мындай иш-чараны жыл сайын өткөрө албайбыз. "Дүйнөлүк" деп аталгандан кийин башка мамлекеттер да эстафетаны алышы керек. Бирок эч ким алган жок. Демек, инвестиция жактан алып караганда натыйжалуу эместигин баары түшүнүп турат. Эки жылдан кийин дагы өткөрөбүз деп жатышат. Анда дагы 2 миллиард сомдон ашык каражат кетет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын текшерсе, көп нерсе чыгат. Маселен, режиссерлордун ишин текшерип, баалар эмнеге анчалык кымбат болгонун аныктоо зарыл. Ошондой эле сатып алууларды да текшерсе болот. Бирок аны көз карандысыз аудитордук компаниялар жүргүзүшү абзел.
Азамат Аттокуров кошумчалагандай, Көчмөндөр оюндарын уюштуруу дирекциясынын сайтында иш-чарага канча акча сарпталганы жазылган. Бирок анын бүкүлү экенин байкоого болот.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 3-8-cентябрда Ысык-Көлдө өткөн. Оюндарга чейин Балыкчы-Тамчы-Корумду жолуна каражат жок экени ачыкка чыгып, ызы-чуу менен коштолгону белгилүү.
Архивден: Көчмөндөр оюнуна даярдык