ОПЕК уюмуна кирген 14 өлкө кара май өндүрүштүн күндөлүк көлөмүн кыскартууну Вена шаарында, 30-ноябрдагы жыйынында макулдашты.
Ал жерге чогулган мунай министрлери мүчө өлкөлөрдүн бири – күндөлүк өндүрүштүн көлөмүн күнүнө 1,2 миллион баррелге кыскартуу боюнча мунаса табышты:
- ОПЕК экономика үчүн фундаменталдык ролу бар мунай баасын кайрадан тең салмактап, туруктуулукту, базарга стабилдүү туруктуулукту алып келүүнүн маанисин абдан жогору баалайт. Бул баары үчүн, биздин экономикалар, мунайдын дүйнөлүк базары жана жалпы дүйнөлүк экономика үчүн да пайдалуу, - деп ырастады ОПЕКтин президенти Мохаммед бин Салих ал-Саада.
Кара май өндүрүүчүлөр базар баасынын туруктуулугу жана стабилдүүлүгү дегенде анын баасынын ылдыйлабастан тескерисинче көтөрүлгөнүн эске алышат.
Айткандай эле ОПЕКтин чечими чыккандан кийин биржарларда мунай баасы дароо эле 8-9% чейин көтөрүлүп, баррелине 50 доллардан ашты:
- Базар мындай чечимге эмне үчүн ушунчалык көз каранды болуп турат. Анткени, өндүрүүчүлөр базар өзүн-өзү жөнгө салсын деп таштап койсо, баа 2017-жылдын аягына, 2018-жылдын башына чейин оңолуу жолуна түшпөйт. Эгер ОПЕКтен кандайдыр бир кадам жасалып, өндүрүш көлөмү кыскартылса, базар тез эле турукташып, баа 50 доллардан ашып, 60 долларды карай жылат. ОПЕКтеги өндүрүүчүлөрдүн көбү мына ушуну каалашат жана ага жетүүнү да көздөшөт, - дейт британиялык PANMURE GORDON биржалык компаниясы менен инвестициялык банктын башкы экономисти Саймон Френч.
2008-жылдан бери биринчи ирет макулдашылган азыркы кыскартууда мунун эң чоң үлүшүн же 0,5 миллион баррелин дүйнөнүн номер биринчи мунай өндүрүрүүчүсү Сауд Арабия алат.
Ошондо анын күндөлүк өндүрүшүнүн көлөмү 10,6 миллион баррелге түшөт. Ар кандай деңгээлдеги кыскартууларга ОПЕКтин калган мүчөлөрү да барса, Иран өндүрүш деңгээлин азыркы көрсөткүчү – 3,8 миллион баррелден ашырбай кармайт.
ОПЕКтин буга чейинки олтурумдарында дал ушул аймактык атаандаштар - Эр-Рияд менен Тегерандын турумдары кагылышып келген эле.
Өндүрүш көлөмүн кыскартууну анчалык каалабаган Ирандын мунай министри Бижан Занганех алардан бул ирет мына ушул нерсе суралбаганын оң көрүнүш катары баалады.
2014-жылы эле бир баррелинин баасы 115 долларга жеткен кара май баасынын 40 доллардан да ылдый арзандап кетиши бюджети мына ушул кирешеден көз каранды өлкөлөргө, анын ичинде Орусиянын казынасына оор жоготууларды алып келди.
Кара май казгандар бааны көтөрүү үчүн кыскартууга дароо эле бара алышпаганын талдоочулар ОПЕКке мүчө да мүчө эмес эмес өлкөлөр ортосунда базардагы боштукту башкалар толтуруп койбойбу деген кооптонуу, бири-бирине ишенбөөчүлүк бардыгы менен түшүндүрүшөт.
Күнүнө 10 миллион баррелден бир аз ашуун мунай өндүргөн Орусия ОПЕКке кирбейт, бирок бааны көтөрүү үчүн өндүрүш көлөмүн кыскартууга кызыкдарлыгын буга чейин айтып келген.
Өлкөнүн энергетика министри Александр Новактын ырастоосунда, алар келерки жылдын биринчи жарымында өндүрүш көлөмүн күнүнө 300 миң баррелге кыскартууга даяр.
АКШнын Энергия маалыматтар боюнча администрациясынын эсебинде, быйыл чийки мунайдын дүйнөдөгү күндөлүк өндүрүшү былтыркыдан бир аз көп, 96 миллион баррелге барабар болууда, анын үчтөн биринен бир аз ашууну же 33,7 миллиону ОПЕК өлкөлөрүнүн үлүшүнө туура келүүдө. Венадагы макулдашууга ылайык, эми бул көрсөткүч 32,5 миллион баррелге түшөт.