Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

“Арзан турак-жайдын” үстөк пайызы арзандады


Үстүбүздөгү жылы 552 кишиге өкмөттүн “Арзан турак-жай” ипотекалык компаниясы боюнча үй берилди. Бул тууралуу кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков парламентте билдирди:

-Бир айылдын эли турак-жайга ээ болуп жатат. Мынча үй-бүлөнү бир жылда үй менен камсыз кылуу оңой эмес. Тогуз кабаттуу үйдө 104 эле квартира болот.

Жээнбековдун айтуусунда, мындан ары ипотекалык насыянын пайызы 10% азаят, ал эми компания кызматкерлеринин айлык акылары кыскарат.

Өткөн отурумда ЖК депутаты Рыскелди Момбеков “Арзан турак-жай” компаниясынын кызматкерлери көп суммадагы айлык аларын, анын баары ошол ипотекалык турак-жайга врачтар менен мугалимдер төлөп жаткан кымбат үстөк пайыздын эсебинен төлөнүп жатканын айтып, нааразылыгын билдирген болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG