Социалдык түйүн аркылуу президент Алмазбек Атамбаевди коркуткан колдонуучуну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөөгө алды. Бул тууралуу комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
- Бул маалымат боюнча биздин маалыматыбыз бар. Азыркы учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Постту жазган адамдын өздүгүн аныктоо иштерин жүргүзүүдөбүз, - деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, буга чейин twitter социалдык түйүнүндө өзүн Муслим деп жазган колдонуучу аз күндө Кыргызстанга келип, Атамбаевге кол саларын жазган. Колдонуучунун жүргөн жери Сирия деп жазылган. (SDz)