Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Шайлоо: убадага мол ай башталды


Кыргызстанда шаардык кеңештерге үгүт өнөктүгү башталды. Анда борбор калаа Бишкек баштаган 22 шаарда жергиликтүү кеңешке шайлоолор өтөт.

Шаардык кеңештерге башталган үгүт өнөктүгү туура бир айга - 11-декабрга чейин созулат. Бул мезгил аралыгында каттоодон өткөн саясий партиялар өз программасы менен шайлоочуларды кеңири тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгүн мындайча белгиледи:

- Кыргызстан боюнча 22 шаарда шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү - Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум менен бир күндө өткөнү турат. Биз шайлоого катышкан бардык партияларга үгүт жүргүзүүнүн жол-жобосун түшүндүрүп, бирдей шарт түзүп берип жатабыз.

БШКнын маалыматы боюнча 11-декабрда өтчү жергиликтүү шайлоого 36 партия каттоодон өттү. Өлкө боюнча 3 685 депутаттык орун үчүн 6 100 талапкер катталды. Ал эми айылдык кеңештерге үгүт дагы он күндөн соң, тагыраагы 21-ноябрда башталат.

Учурда көпчүлүктүн көңүлү борбор калаа Бишкектин шаардык кеңешинин шайлоосуна бурулуп турат. Адатта өлкө саясий борборундагы шайлоого ири саясий күчтөр көп ресурстарын жумшап, атаандаштык курч мүнөздө өтүп келген.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Бишкектин шаардык кеңешине 14 партия катышууга укук алды.

Алардын арасында буга чейинки шайлоолорго катышып келген Социал-демократтар, “Кыргызстан”, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, Коммунисттер, Жашылдар партиялары менен катар эл арасында анча белгисиз “Жаңы доор”, “Улуу Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Актив”, “Таза Кыргызстан”, “Демократ” сыяктуу саясий бирикмелер бар.

Бул партиялар тууралуу эл арасында да, саясий айдыңда деле жарытарлык маалымат жок. Маселен, “Жаңы доор” партиясын мурдагы депутат Улукбек Кочкоров түзгөнү айтылса, “Улуу Кыргызстан” партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан эле. Бул партияны мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов активдүү колдоп чыккан.

Ал эми “Мекеним Кыргызстан” быйыл жазында Ош шаардык кеңешине шайлоо катышып, алты мандат алган. Саясий серепчилер аны бийликчил партия катары айтып келишет.

Ал эми “Таза Кыргызстан” партиясын УКМКнын мурдагы төрага орун басары Мурат Иманкулов бир ай мурда гана түзгөнү белгилүү болсо, “Демократ” өзүн либерал санаган бир нече жаштар кыймылдарынан куралган. “Актив” деген аталыш менен катталган партия жөнүндө интернеттен да, башка ачык булактардан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Быйылкы шайлоого өлкөдөгү ири “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Бир бол”, “Замандаш” сыяктуу партиялар катышпайт. “Ата Мекен” партиясы шаардык кеңешке шайлоого катышпаган себебин саясий куугунтук менен байланыштырган. Ал эми калган партиялар эмне себептен шайлоого барбаганын расмий түшүндүргөн жок.

Эксперт Шерадил Бактыгулов бул көрүнүштү мыйзам ченемдүү саясий жараян катары атоодо:

- Адамдар сыяктуу эле саясий турмуштун объекттери да өзгөрүп жатат. Экинчиден, айрым партиялар мындай учурда иш жүргүзбөй шайлоо башталганда эле эл арасында абройлуу адамдарды тандай коюп чыга калып жатышат. Мына ошондуктан айрым бирикмелер катышпай калды окшойт.

Саясий эксперт Медет Түлегеновдин пикиринде, мындай көрүнүштү өлкөдөгү саясий системанын өзгөчөлүгү менен түшүндүрүүгө болот:

- Жаңы партиялардын пайда болушун өлкөдөгү узак мөөнөттөгү партиялык курулуштун жок болгону менен түшүндүрсөк болот. Анткени, буга чейин парламенттик шайлоонун алдында айрым партиялар түзүлө калып, жеңишке жетишкен. Депутаттык мандатка ээ болгон соң партиялык түзүлүш катары өнүгүүгө кызыкчылыгы жоголгон.

Ошол эле учурда оппозициячыл активист Адил Турдукулов жаңыдан пайда болгон партияларды бийликтин саясий долбоорунун бир бөлүгү катары атоодо:

- Булар Социал-демократтарга өнөктөш катары шайлоо барып жатат деген маалымат бар. Жада калса ар биринин бийликтеги кураторлору бар деп уктум. Мисалы, бирөөнү Икрам Илмиянов, экинчисин Эркин Мамбеталиев түздү деген маалыматтар айтылып жүрөт. Бул кандайдыр бир пар чыгаруу катары бааласак болот. Алар саясатка барам деген жаштарды чогултуп, башка оппозициячыл партияларга барышына тоскоол болчу механизм түзгөндөй.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум менен чогуу болот. Бул күнү жалпы өлкө боюнча 2 365 добуш берүү участогу ачылат. Ал эми өлкөдөн тышкары 35 добуш берүү участоктору иштейт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG