Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Күрт командирлери Мосулда ийгиликке жетишип жатканын билдирди


Ирактык күрттөрдүн Пешмерга аскер күчтөрү.
Ирактык күрттөрдүн Пешмерга аскер күчтөрү.

Пешмерга аскерлери Кошмо Штаттардын абадан колдоосу менен Мосулду “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотууга катышууда. Артиллериялык, ракеталык аткылоо жана бомбалоодон кийин күрт күчтөрү 17-октябрда 200 чарчы чакырым жерди ээлешип, ИМдин жоочуларын артка сүрүштү.

Ирактын экинчи чоң шаары Мосул 2014-жылдан бери ИМдин көзөмөлүндө турат. Аны бошотуу операциясына даярдык бир айдан ашык убактан бери жүрүүдө. Ирак генералы Хайдар Фадхилдин айтуусунда, операцияга Ирактын 25 миң аскери жана күрттөрдүн Пешмерга тобунун 4 миң жоокери тартылды. (AiT)

XS
SM
MD
LG