Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Эгемендиктин 25 жылдыгына карата ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлык тапшыруу салтанаты коомдук ишмер, маркум Исхак Раззаковго ыйгарылган “Кыргыз Республикасынын баатыры” наамын жана “Ак шумкар кут” орденин анын кызына тапшыруу менен башталды.
Бул ирет мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун басымдуу бөлүгүн маданият өкүлдөрү түздү.