Карыя тууралуу баяндап, сүрөттөрүн досу Нурмамат ажы Сапарбаев жөнөттү.
Боз адырды бакка айландырган багбан
Суу куюлган желим бөтөлкөлөрдү куржундун эки көзүнө толтуруп, эшегине артып алып, ээрге конгон бир карыя Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Тандоо кыштагынан бозомук тарткан адырларга карай күндө өрдөп жөнөйт. Бул карыянын бир гана максаты - бозомук адырга тиккен бак-дарактарын сактоо жана өстүрүү. Карыянын аты-жөнү Маданбек Кадыров, быйыл 81 жашта.