"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана экономика боюнча эксперт Мейманбек Абдылдаев катышты.
“Азаттык”: Алмазбек мырза, былтыр өкмөт Жерүй алтын кенин сатуудан түшкөн 100 миллион долларга өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруп, дагы 100 мектепти оңдоону убада кылган. Бирок сиздердин министрлик быйыл Көчмөндөр оюнун утурлай Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна ушул акчадан сарпталганын моюнга алып, кеткен каражат кайра ордуна коюлат дедиңиз. Ал акча кайдан, эмненин эсебинен алынат?
Алмазбек Азимов: Ооба, Жерүйдөн түшкөн акчага 100 мектеп курулуп, 100 мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлөт деп айтылган. Өткөн 2015-жылы акчанын бир канча суммасы бюджетке кирген болчу. Калган суммасы 2016-жылдын бюджетине кирген. Биз бюджетке кирген мектептердин баарын өз убагында каржылаганга аракет кылып жатабыз. Мисалы, 64 мектеп каралган эле. Жерүй каражатына алардын ичинен 20дай мектеп бүттү. Жылдын аягына чейин калган мектептер бүтөт деп айтылып жатат.
Жерүйдөн түшкөн акча бюджеттин киреше бөлүгүнүн бир булагы болот. Киреше Жерүйдөн, гранттан, кредиттен, салыктан, Бажы кызматынан түшөт, мамлекет баалуу кагаздарды чыгарат. Ушунун баары келип бир казынага түшөт. Анын ичинен бул Жерүйдүкү, бул башканыкы деп бөлүнбөйт. Бирок чыгаша берене менен болот.
“Азаттык”: Мейманбек мырза, "Бюджеттин негизги принциптери жөнүндө" мыйзамда социалдык чыгымдар, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына каралган каражаттар корголгон беренеге киреби? Мектепке деген акчанын башка максаттарга, ошол эле жол курууга сарпталганы мыйзам бузуу дегенди түшүндүрбөйбү? Бул учурда жоопкерчилик маселеси каралышы керекпи?
Мейманбек Абдылдаев: Тартип деген болуш керек да. Берене боюнча багытталгандан кийин ошол бойдон кетиш керек. Мисалы, ошол акчаны Көчмөндөр оюнуна стадионду куруп, ошого коромжу кылганга болот деген мыйзам кабыл алынды беле? Же Жогорку Кеңеште талкууланып, токтом чыкты беле? Атмайданды курууга жумшалган деп жатышат.