Токойдо жаңгак гана өспөстөн, дээрлик бардык мөмө-жемиштердин түрлөрү кездешет. "Азаттык+" берүүсүнүн чыгармачыл тобу Арстанбапка айылчылап келди.
Арстанбап - Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан. Ал Бабаш-Ата тоо кыркаларынан тартып Фергананын тоолорунун түштүк-түндүк беттерин ээлеп, Чаткал тоо кыркаларына чейин созулат. Токойдогу грек жаңгактарынын дарактары миң жылга чейин жашап, бийиктиги 30-40 метрге, калыңдыгы 2-3 метрге жетип, түшүмдүүлүгү жакшы.
Бул жердин Арстанбап деп аталып калганы боюнча эл оозунда ар кандай уламыштар айтылып журөт. Алардын биринде Мухамед пайгамбардын мезгилинде ушул аймакта Арстанбап аттуу олуя жашайт. Ал көктөн түшкөн касиеттүү данекти ушул тоолорго айдап, олуялык касиети менен жыш жаңгак токойго айланткан деп айтылат.
Арстанбаптын жергиликтүү тургундары өздөрүн грек кол башчысы Александр Македонскийдин урпактары деп эсептешет. Ага далил катары калк арасында уламыштар көп айтылып жүрөт.
Айтмакчы, арасында өзүн араб, өзбек деп, кыскасы шайыкпыз дегендери да бар. Ошондой эле аймакта кыргыз, өзбек, тажик, орус, немис жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алардын турмуш тиричилиги токой менен тыгыз байланышкан. Тоо арасындагы кыштакта жергиликтүүлөр конок тосконду эң мыкты өздөштүрүшкөн.
Арстанбапты туризм жакшы өнүгүп келаткан алыскы аймактардын алдыңкысы десе болчудай. Ажайып кооз жаратылышы менен бирге меймандос калктын пейили коноктун эсинде көпкө калат.
Арстанбапка сезон учурунда өлкөнүн булуң-бурчунан жана башка өлкөлөрдөн миңдеген эс алуучулар келишет. Жергиликтүүлөрдүн көпчүлүгү зыярат кылганы келишсе, чет өлкөлүктөрдү бийик тоолор, альпинизм, токой кызыктырат.