Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Бишкекти толкунданткан саммит


Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити башталды. Кыргызстан бул иш-чарага эки жыл даярданган.

КМШ өлкө башчыларынын Бишкек шаарындагы юбилейлик саммити бүгүн кечки саат 18:20да расмий ачылды.

Саммиттин ачылышы алгач 16:00гө белгиленген. Бирок Орусия президенти Владимир Путиндин кечигишинен улам жыйын эки саатка артка жылдырылган. Путин аба ырайына байланыштуу Москвадан кеч учканы маалымдалды.

Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстандын президенттери да келди. Алар менен катар Молдова премьер-министри, Түркмөнстан вице-премьери, Өзбекстан тышкы иштер министри, Украинанын Кыргызстандагы элчиси саммитке катышат.

Жыйындын катышуучулары КМШ аймагында экономика, укук коргоо жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады. Алдын ала маалым болгондой, саммиттин күн тартибине 15 маселе коюлган. Айрыкча 2017-2019-жылдары терроризм менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков лидерлердин жолугушуусу алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматта өтөрүн билдирди.

Саммитти чагылдырууга келген журналисттер.
Саммитти чагылдырууга келген журналисттер.

Андан кийин КМШнын аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев маалымат каражаттарына билдирүү менен чыгат.

Расмий иш-чаралар бүткөндөн кийин конокторду мамлекеттик резиденцияда расмий кабыл алуу башталат.

Сапар Исаков “эч кандай деле өзгөчө нерсе күтүлбөсүн” кошумчалады.

Түшкү саат үчкө жакын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Бишкекке келди.

Коңшу мамлекеттин башчысын “Манас” эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Буга чейин Беларус жана Азербайжан мамлекет башчылары келишкен.

Кабыл алуу үйү жана 200 килограмм казы

"Кыргызстан КМШнын юбилейлик саммитине эки жылдай даярданды" деп жазат ТАСС маалымат агенттиги.

"Бул иш-чара үчүн Бишкектин четиндеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында курулуш иштери жүрдү. Анын аймагында конок кабыл алуу үчүн кыргыз боз үйү тибиндеги имарат курулду. Бул жерде расмий гана кабыл алуулар болуп, КМШ өлкөлөрүнүн жыйыны резиденция ичиндеги пресс-холлдо өтөт. Маалымат агенттиктеринин жазышынча, боз үй үлгүсүндө курулган конок үйүнүн аянты 1,5 миң квадрат, бийиктиги 17,3 метр. Режим объектисинин аймагында жол белгилери орнотулган", - дейт агенттик.

Ал эми K-news маалымат агенттиги маалымдагандай, коноктор үчүн 200 килограмм казы, 80 килограмм карта, 100 килограмм форель, 300 килограмм семга балыгы, 2 килограмм камамбер жана 5 килограмм мармар сыры сатып алынган. Конокторго кымбат шарап жана кыргыз коньягы да берилмекчи.

Путиндин Атамбаевге белеги

17-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 60 жылдык мааракесин белгилейт.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бул күнү президенттердин бейформал жолугушуусу өтөрүн, анын ичинен бирөө “күтүлбөгөн сюрприз” болорун айтты.

17-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн 60 жылдык юбилейин белгилейт. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысын 60 жашы менен куттуктап, бир нече белек берерин, анын ичинен бирөө “мамлекеттик мааниде” болорун айтты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго таянып жазды.

Коомдук тартип

КМШ саммити өтүп жаткан тушта 3 миңдей милиция кызматкери коопсуздукка көз саларын ИИМден билдиришти. Иш-чара өтө турган жер, машинелер колоннасы жүрчү жолдор өзгөчө кайтарууга алынат. Маанилүү объектилерди кайтаруу күчөтүлдү.

ИИМ 15-17-сентябрда Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрү: “Манас” аэропортуна кеткен трасса, Фучик, Чүй жана Манас көчөлөрүндөгү жол кыймылына чектөө киргизилерин кабарлады.

XS
SM
MD
LG