Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Мунапыска илинген 7 адам абактан чыкты


Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата жарыяланган мунапыска ылайык 260тай адам абактан бошотулат. Миңден ашуун кишинин камак мөөнөтү кыскарат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Тийиштүү мыйзамга 5-августта президент кол койгон. Мунапыска илингендерди бошотуу 9-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Мунапыс жарыяланган күндөн тарта бир ай ичинде жети адам эркиндикке чыкты.

-Абактардан качып кеткендер кайра келип, мунапыстан пайдаланышын суранабыз. СССР убагынан бери камактан качкан миңден ашуун адам бар. Алар келишсе, албетте мунапыс колдонулат.

Мунапыска бойго жете электер, алгач ирет беш жылга чейин камалгандар, 60 жаштан ашкан эркектер, 55тен өткөн аялдар, биринчи жана экинчи топтогу майыптар, экиден кем эмес балалуу болуп, үй-бүлөсүн жалгыз баккандар, майып баласы бар кишилер, бул мыйзам күчүнө кире электе жеңил кылмыштар менен камалгандар, оор эмес кылмыш менен биринчи жолу соттолгондор илинет. Ошондой эле айрымдардын жаза мөөнөтү да кыскартылат.

Азыр Кыргызстандагы жабык жайларда 10 миңден ашуун адам кармалууда

XS
SM
MD
LG