Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Өзбек президентинин милдетин өкмөт башчы Мирзиёев аткарат


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстанда президенттин милдетин убактылуу аткаруу укугу премьер-министр Шавкат Мирзиёевге берилди. Мындай чечим бүгүн өлкө парламенти Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы жана Сенатынын кошмо жыйынында кабыл алынды.

Сенат төрагасы Нигматилла Юлдашев "Мирзиёевдин мамлекеттик бийликтеги жогорку жетекчилик кызматтардагы иш тажрыйбасын, эл арасындагы кадыр-баркын" эске алуу менен ага президенттин милдетин аткаруу вазыйпасын жүктөө сунушун айтты. Жыйынтыгында бул сунуш колдоого алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоону мыйзам чегинде уюштуруу тапшырмасы берилди.

Бул тууралуу өзбек парламентинин маалымат кызматы расмий кабарлады.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу.

Сенат төрагасы кызматын 2015-жылдан бери Нигматилла Юлдашев ээлейт. Орусиялык "Интерфакс" агенттигинин өзбек парламентинин басма сөз кызматына шилтеме берип жазганына караганда, Юлдашев президент милдетин аткаруудан "өзү баш тарткан".

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган. (RK/UE)

XS
SM
MD
LG