Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:56

Ош: Мэрди күткөн окуучу эси ооп кулап түштү


Cүрөттө Кызжибек, анын кулап калган учуру жана расмийлердин лента кесүүсү.
Cүрөттө Кызжибек, анын кулап калган учуру жана расмийлердин лента кесүүсү.

Ош шаарына караштуу Озгур айылында “Семетей” балдар бакчасынын ачылуу аземи алдында расмийлерди күткөн окуучулардын бири Кызжибек эси ооп кулап түштү. Бакчанын жетекчиси Айсалкын Осмонкулова окуучу күндүн ысыгынан улам эсин жоготконун билдирди. Учурда анын абалы канаттандыраарлык экенин Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Окуучулар кабарлагандай, алар бакчага таңкы саат алты жарымда келишкен. Азем 8:00гө белгиленген болсо, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдор бакчага саат 9да гана барышкан.

100 орундуу бала бакчанын ачылышы атайын Эгемендиктин 25 жылдыгына карата 31-август күнгө белгиленген. Бакча жалпы 25 млн сомго курулган.

Былтыр Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде премьер-министр Темир Сариевди тосуп алууга чыккан окуучулардын бири эсин жоготуп, кулап түшкөн. 2012-жылы Баткенде президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу үчүн тизилген окуучулардын да бири эсин жоготкон эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG