Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштерине жер-жерлердеги муниципалдык кызматкерлерден каражат чогултулуп жатканы айтылууда. Көчмөндөр оюндары кимдин эсебинен каржыланышы керек жана деги эле оюндардын келечеги тууралуу “Азаттык” Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгечилеринин бири Адахан Мадумаровго бир нече суроо менен кайрылды.
“Азаттык”: Адахан мырза, жергиликтүү бийлик Көчмөндөр оюндарында өз боз үйлөрүн жасалгалоо жана аларга бөлүнгөн адамдарды коноктоо максатында муниципалдык ишканалардан акча топтой баштаганы айтылат. Чыгымдарды муниципалдык ишкана кызматкерлерине, жеке ишкерлерге жүктөп коюу канчалык туура?
Кыргызстанга оюндарды өткөрүү укугу сегиз жылда бир кайтып келиши керек болчу. Бирок Кыргызстан кайра эле өзү өткөрүп жатканына мен анча түшүнбөй турам.
Мадумаров: Бул маселени эки тараптан кароо керек. Өздөрү “өлбө жаным өлбө” – деп оокат кылып жаткан мекеменин үстүнө үстөк пул салып, салык салгандай болгону бул өтө туура эмес көрүнүш. Бул эл тарабынан ыраазычылык алып келбейт.
Экинчи жагынан Көчмөндөр оюндары Кыргызстан үчүн керемет бренд болуп калышы керек. Бул оюндар биздин жүзүбүз, биздин паспортубуз болушу кажет. Бул мамлекеттик деңгээлде өтө турган иш-чара. Көчмөндөр оюндарын өзүбүзгө жүк кылбай, башка түрк өлкөлөрү менен кезектешкенде мынчалык оорчулук жаралбайт эле. Оюндарды өткөрүү демилгесинде эле алгач ушундай сүйлөшүлгөн. Адегенде Кыргызстан, андан кийин быйыл Түркия, дагы эки жылдан кийин Азербайжан жана Казакстан өткөрүшү керек эле. Ошондой Кыргызстанга оюндарды өткөрүү укугу сегиз жылда бир кайтып келиши керек болчу. Бирок Кыргызстан кайра эле өзү өткөрүп жатканына мен анча түшүнбөй турам.
“Азаттык”: Аймактардан да Көчмөндөр оюндарына барчу делегация тизмесин президенттик аппарат түзүп жатышы бул мекеменин өтө эле майдаланып кеткенин билдирбейби?
Мадумаров: Бүгүнкү күндө мектептин деректирлерин, айылдык оорукананын башкы дарыгерине чейин аппарат коюп жатат. Муну бир сөз менен айтканда, бүтүндөй бир партиянын тамыры Кыргызстандын бардык жерлерине чырмалып кетти. Бул чирип кете турган эле система болуп калды. Атамбаев өзү айтты эле “Ак үйгө киргендендин көздөрү сокур, кулагы дүлөй болуп калат”, деп. Эл кыйкырып, нааразы экенин айтып жатса, эмнегедир жогорудагылардын кулагына бул сөздөр кирбей жатат.
Көчмөндөр оюндары мамлекеттик бюджет эсебинен өтүшү керек. Андан кийин гана эгерде кайдыгер эмес ишкерлер, колунда бар азаматтар демөөрчүлүк көрсөтүү тууралуу ойлорун айтышса, кош колдоо менен кабыл алынышы зарыл. Бирок мекеме-ишканаларга салык салуу бул жакшы эмес көрүнүш.
“Азаттык”: Азыр жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өз чыгымын жабуу жана этно шаарчаны жасалгалоо үчүн демөөрчү издөө менен алек экен, буга кандай комментарий берет элеңиз?
Мадумаров: Өзү Көчмөндөр оюндары мамлекеттик бюджет эсебинен өтүшү керек. Андан кийин гана эгерде кайдыгер эмес ишкерлер, колунда бар азаматтар демөөрчүлүк көрсөтүү тууралуу ойлорун айтышса, кош колдоо менен кабыл алынышы зарыл. Бирок мекеме-ишканаларга салык салуу бул жакшы эмес көрүнүш. Себеби ал жакта тойдун эртеси да болот. Демек тойдон кийин эл “баракелде” деп ыраазы боло тургандай абалда болушу абзел. Анан тескерисинче ичкени – ириң, жегени – желим болуп, кабагы салынып, нааразычылык менен өткөн иш-чара абийир алып келбейт.
“Азаттык”: Эгерде Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын өзү эле өткөрө берсе, бул оюндардын келечеги кандай болот?
Мадумаров: Көчмөндөр оюндарын эч кимге бербей, өзүбүз эле өткөрө берсек, анда башка өлкөлөр бара-бара бул оюндарга көңүлкош карай баштайт. Жакшы ой, жакшы идея, жакшы пикир ушуну менен жокко чыгып калабаса экен деп корком.
Анын үстүнө башка түрк мамлекеттери альтернатива иретинде өзүнүн Көчмөндөр оюндарын түзүп алышы мүмкүн. Мисалы, Казакстанда Улуу талаа оюндарын өткөрүү демилгеси чыккан болчу. Ал дагы Көчмөндөр оюндарынын аналогу болуп эсептелет. Бирок биз алардан озуп кетип, Казакстан тараптыкы демилге бойдон калган. Бирок Кыргызстан көчмөндөрдү башка өлкөгө эстафетаны бербей өткөрө берсе, башка өлкөлөр деле өз оюндарын баштайт.