Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Кыргызстанда мунапыска илинчүлөрдүн саны такталууда


Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, канча адамга мунапыс берилери ушул жуманын аягында белгилүү болот.

5-августта президент Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ага чейин документ 23-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Болжолдуу түрдө 3 миңден көп киши тизмеге кириши ыктымалдыгы айтылган.

Мунапыска бойго жете электер, алгач ирет беш жылга чейин камалгандар, 60 жаштан ашкан эркектер, 55тен өткөн аялдар, биринчи жана экинчи топтогу майыптар, экиден кем эмес балалуу болуп, үй-бүлөсүн жалгыз баккандар, майып баласы бар кишилер, бул мыйзам күчүнө кире электе жеңил кылмыштар менен камалгандар, оор эмес кылмыш менен биринчи жолу соттолгондор илинет. Ошондой эле айрымдардын жаза мөөнөтү да кыскартылат. Азыр Кыргызстандагы жабык жайларда 10 миңден ашуун адам кармалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG