Ушу тапта Орусиянын Коопсуздук кызматы Бажы кызматынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жатат, жетекчилердин үчөө кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы кабарланууда. Бул тууралуу "Новая газета" жазды.
Орус президенти Владимир Путин кечээ, 28-июлда мекеменин жетекчиси Андрей Бельяниновду иштен алган. Ага чейин алкоголдук продукциянын аткезчилигине байланыштуу кылмыш иш боюнча анын үйүндө тинтүү жүргөндө 66 миллион рубль табылган.
Бельянинов кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы катары белгилүү болчу. (RK)