Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:37

Түркияда WikiLeaks сайты тосмолонду


Төңкөрүш аракетине катышы бар делген аскерлер сотко алынып келүүдө. Стамбул, 20-июль, 2016-жыл.
Төңкөрүш аракетине катышы бар делген аскерлер сотко алынып келүүдө. Стамбул, 20-июль, 2016-жыл.

Түркиянын Байланыш жана Телекоммуникация боюнча кеңеши WikiLeaks сайтын тосмолоого анда бийликтеги АК партиянын жүз миңдеген электрондук кат алмашуулары чыгып кеткен соң барды.

Жашыруун документтерди шардана кылып келген интернет портал АК партиянын адамдарына караштуу 762 электрондук даректен 2010-2016-жылдардын аралыгында жөнөтүлгөн 300 миңдей катты жарыялап жиберген.

Интернет сайттын билдиргенине караганда, алар бул документтерди Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракетинен бир апта мурда эле алышкан.

Аларды мурда мерчемделгенден эртерээк жарыялоо чечими Түркияда жүрүп жаткан “тазалоо” операцияларына жооп иретинде кабыл алынды.

Бүгүн ошондой эле Түркиянын Жогорку билим берүү кеңеши университеттерге кошумча маалымат берилмейинче окумуштуулары менен окутуучуларын чет өлкөлөргө жөнөтүүгө тыюу салганы белгилүү болду.

Мунун алдында кечээ Түркиянын жогорку билим берүү кеңеши мамлекеттик жогорку окуу жайларда иштеген 1577 деканды кызматтан алган.

Ал эми Түркиянын Билим берүү министрлиги жеке менчик окуу жайларда иштеген 21 миң мугалимди лицензиядан ажыраткан.

Ал эми 15-июлдан 16-июлга караган түнкү аскерий төңкөрүш аракетинен кийин кармалган же кызматтан алынган аскерлер, полицейлер, соттор, мамлекеттик кызматкерлер, жөн-жай тургундар саны 50 миңге жетти.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо.

Түрк бийлигинин айыптоосун кескин түрдө четке каккан Гүлендин “Хизмет” уюмунун Түркиядагы эле эмес, башка өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар, мектептер менен байланышы бар деп саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG