Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кошулду. Уюмдун кезектеги 40-сессиясы 10-17-июль күндөрү Стамбул шаарында өткөнүн ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Улуттук комиссиясы билдирди.
Буга чейин Кыргызстандагы аймактардан Сулайман-Тоо жана Чүйдөгү байыркы Невакет, Суяб, Баласагын шаарлары да ЮНЕСКО тизмесине кошулган. (SE)