Өзгөн районунда он беш жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 16-июлда аймактык милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, чала тааныш адам күч колдонуп кызын зордуктап кеткенин айткан. Натыйжада, шектүү катары 21 жаштагы Өзгөн районунун тургуну кармалып, 13-июлда кызды үйүнө алып келип, өз максатын ишке ашырганы аныкталды. Азыр ал камакта отурат. Тергөө уланууда. (NT)