Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Керри: Гүленди экстрадициялоо үчүн Түркиядан далил керек


Фетхулла Гүлен. 2014-жылкы сүрөт.
Фетхулла Гүлен. 2014-жылкы сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин билдиргенине караганда, Кошмо Штаттар диниятчы Фетхуллах Гүленди экстрадициялоо боюнча өтүнүчүн карайт.

Бирок Эрдогандын өкмөтүнө Гүлендин мыйзамсыз иштери боюнча далилдерди берүүгө туура келет. Мурда өнөктөшү болгон диниятчы Фетхуллах Гүленди Эрдоган азыр саясий оппоненти катары санайт.

Бир нече жылдан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашаган Гүленди президент Эрдоган баш болгон түрк бийликтери өткөн түнү ишке ашпай калган аскерий төңкөрүштүн артында турган адам катары күнөөлөштү.

75 жаштагы Гүлен аскерий төңкөрүш аракетине кандайдыр бир катышы бардыгын кескин түрдө четке кагып, ал өзү акыркы 50 жылдагы аскерий төңкөрүштөрдөн запкы тарткан адам экенин белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн Люксембургда Түркиядан азырынча Гүленди өткөрүп берүү боюнча өтүнүч түшө электигин, бирок мындай суроо болот деп күтүп жатканын айтты. (UE)

XS
SM
MD
LG