Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:26

Мээрбек Мискенбаев "Кыргызкөмүрдүн" жетекчилерин сотко берди


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчилигин "ар-намысыма шек келтирди" деген негизде сотко бергенин парламент жыйынында билдирди. Ал буга чейин аталган ишканадагы жемкордук боюнча маселени көтөргөнүн, бирок алар кайра өзүн коррупцияга малынган адам катары көрсөтүп, күнөөнү оодарып жатканын кошумчалады. Ошондой эле "Кыргызкөмүрдөгү" коррупцияны ашкерелей турганын, эгерде далилдей албаса Жогорку Кеңеште өзүнө орун жоктугун жана мандатын тапшыра турганын айтты. Укук коргоо органдарынан тармактагы коррупция боюнча маалымат алууну сунуштады:

-Коррупционерлердин колунан бардык нерсе келет экен. Ууруну ууру деп көрсөтүп атсак, кайра сени ууру кылып коеруна ынандым.

21-июнда өзүн «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү деп тааныштырган Марипа Алыкулова аталган уюмдун ишмердигин текшерүүнү укук коргоо органдарынан өтүнгөн. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси, депутат Мээрбек Мискенбаев​ «Кыргыз көмүр» ишканасы апрель окуясында жабыркагандарга жардам берүү үчүн бөлгөн 2,3 миллион сомду өз кызыкчылыгы үчүн колдонгонун айтып чыккан. Аны депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылган. ​

Мискенбаев болсо жогоруда айтылгандарды четке кагып, куру доомат катары баалаган эле. Бул билдирүүнү "Кыргызкөмүрдөгү" туура эмес иштерди ачык айтып чыкканы менен байланыштырган. Аталган ишкананын коррупциядан улам кызматтан кеткен мурдагы жетекчилери менен Марипа Алыкулованын тыгыз байланышы бардыгын маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG