2-июнда башталган Ош шаарындагы эл аралык этно фестиваль эки күнгө созулат. Түштүк калаанын аянтында кол өнөрчүлүк, килем токумай, улуттук кийимди тигүү жана улуттук тамак-ашты даярдоо боюнча мастер класстар өткөрүлүүдө. Палоо басуу фестивалы уюштурулуп, жергиликтүү тургундар жана фестивалдын катышуучулары ар түрдүү ыкма менен бышырылган палоонун даамдарын татып жатышат. Фестивалда чыгармачыл жамааттар, фольклордук жамаатар катышууда. Улуттук кийимдер боюнча иштеген дизайнерлер жана моделдик агенттиктер, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, улуттук каада-салтты аткаргандар, улуттук тамак-аш боюнча ашпоздор өз өнөрлөрүн тартуулашууда.
Ош: өнөрчүлөрдүн фестивалы башталды

1

2
Өнөрпоздор, усталар жана уздар өлкөнүн булуң-бурчунан келишкен. Өзгөчө Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусунун райондорунан чогулгандар, Өзбекстандан келген өнөрпоздор да бар.

3

4
Асман тиреп, зым тартылган арканда секирип ойногон акробаттар, көчө ырчылары, маскарапоздор элди черин жазууда.

5
Аталган фестиваль Тарых жана маданият жылынын жана II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүдө.

6

7
Иш-чарага келген коноктор С.Ибраимов атындагы Кыргыз драма театрынан тарта борбордук аянтка чейин жасалгаланган көчөнү аралап, байыркы Чыгыш маданияты менен таанышууда.

8

9

10
Иш-чараны Тарых жана маданият жылын уюштуруу дирекциясы, II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары катчылыгы, Ош шаардык мэриясы, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарымдуу өкүлчүлүктөрү уюштуруп жатат.

11

12

13

14

15

16

17

18

19

20
Фестивалга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, чет өлкөлүк дипломаттар, коомдук эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишкен.