Ош шаарындагы «Жомок» бала бакчасында 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган «Эгиздер майрамы» быйыл үчүнчү жолу өткөрүлдү. Аталган бала бакчада 15 жуп эгиз бала бар болсо, алардын тогуз жубу ата-энелерге жана конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты. Айрымдары апасы менен ырдап, жаңылмач айтса, башкалары сүрөт тартып, бий бийлешти. «Жомок» бала бакчасында 600дөн ашык бала тарбияланат. Былтыр Ош шаарындагы Карл Маркс мектебинде да эгиз окуучулардын фестивалы өткөн.