Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

Румыниялык хакер Буш менен Клинтондун почталарын бузганын моюнга алды


Кибер чабуулу, иллюстративдик сүрөт.
Кибер чабуулу, иллюстративдик сүрөт.

Гуччифер деген каймана ат менен белгилүү болгон румыниялык хакер Марсель Лазар америкалык жогорку даражалуу аткаминерлердин электрондук даректерин бузганын сотто моюнга алды.

АКШнын соту экс-президент Жорж Буштардын үй-бүлөсүнүн, мурдагы мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин аккаунттарына кирген деп айыпталган 44 жаштагы Лазардын ишин карап жатат. Лазардын күнөөсү далилденсе, эки жылдан жети жылга чейин абакка кесилет. Өкүм быйыл 1-сентябрда жарыяланары күтүлүүдө. Ал майдын башында Fox News телеканалына, 2013-жылы АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун почтасын бузганын, андан кийин Клинтон кызматтан кеткенин билдирген.

Марсель Лазар Румынияда киберкылмыш, шылуундук боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Быйыл апрелде АКШга экстрадицияланган.

Ал эми Клинтондун почтасына байланышкан жаңжал былтыр мартта ачыкка чыккан. Андан кийин мурдагы мамлекеттик катчы өзүнүн жазгандарын көрсөтүүгө даяр экенин айтып, бирок сентябрда кызматтык каттар үчүн жеке почтасын колдонгону үчүн кечирим сураган.

25-майда Мамлекеттик департаменттин көз карандысыз башкы инспекторунун баяндамасы жарыяланып, анда Клинтондун дарегине электрондук расмий кат алышуунун тартибин бузду деген сын айтылган.

XS
SM
MD
LG