Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Саясий куугунтук - эскирген ыкма


Адахан Мадумаров, Иса Өмүркулов
Адахан Мадумаров, Иса Өмүркулов

“Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында коомдук-саясий кырдаал талкууланды. Ага Иса Өмүркулов жана Адахан Мадумаров катышты.

Президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган “Элдик парламент” кыймылынын лидерлери эки айга камалды. Өлкө башчысы аларды "туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар" деп атап, мындан ары аларга катаал чаралар көрүлөрүн эскертти. “Элдик парламент” уюмунун мамлекеттик төңкөрүш жасоо ниети бар беле? Алардын артында чет элдик күчтөр бар деген президенттин чочулоосу канчалык жөндүү? Кыргызстанда коопсуздукту, туруктуулукту сактоо аракети саясий эркиндикти чектөө менен алмашып жаткан жокпу? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы бул жолку чыгарылышында ушул жана бакша суроолорго жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров катышты.

"Азаттык": Адахан мырза, “Элдик парламенттин” кечээги митинги болбой калды. Аларды колдоп, ишеним арткан сиз деле ал жерге келе алган жоксуз. Уюмдун лидерлеринин камалышынан улам келүүдөн айбыктыбы же өзүңүз аймакчы коркоктук кылдыңызбы?

Адахан Мадумаров: Ал эмне деген суроо корктуңубу деген. Кечирип коесуз, дайым ушундай куйтуланасыңар да. Суроону куйту бербей түз берүү керек. "Элдик парламенттин" курамында ким бар экенин билбейм. Ошол жерде сүйлөгөн сөзүмдө да айттым. "Элдик парламенттин", Бекболот Талгарбековдун 10 маселеден койгон маселесин эң туура дедим. Бүгүн да айтам, миң жолу кыйкырам. Эшекке минип калган экономика деп айтканын туура деп айтам. Бүгүнкү күнү сөз эркиндигине, адам укугуна кооптонуу жаралып жатат дегенин толугу менен колдойм. Эгер маңкурт болуп калып эле, жок алардын баары калп десеңер өз ишиңер.

"Азаттык": Иса мырза, президент Энелер күнүндөгү куттуктоосунда “Элдик парламенттин” кыймыл-аракетине кенен токтолуп, ачуусун чыгарды окшойт. Бир ай мурда түзүлө калган топтун иш-аракети президентти эмне мынча териктирди. Эмнеден мынча коркту өлкө башчысы?

Иса Өмүркулов: Биринчиден, сөз эркиндиги. Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары, бөлөк телеканалдарбы, аларга эч кандай бөгөт коюлган жок. Сөз эркиндиги болгондон кийин сүйлөсө, сындаса болот, албетте. Бирок жанагындай радикалдык кадамдарга чакыруу, "тизеңди атам, көзүңдү чукуйм, акча келди, эртең чыгат" деген сөздөр түз эле бийликти басып алуу да. Мен да сиздей эле бул сөздөрдү телерадиодон угуп жатам. Андан кийин Гусев дегенди кармаганы барганда ал куралдуу каршылык көрсөтүптүр. Анан буларда курал да бар деген кооптуу нерсе болду. Ошон үчүн ойлойм буга мыйзам чегинде чара көрүлдү.

Саясий куугунтук – эскирген ыкма
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:19 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG