Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Сариев менен Бабанов тандем түзөбү?


Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов
Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов

Келерки жылы өтчү президенттик шайлоону утурлай саясатчылардын, саясий күчтөрдүн биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрү жанданды. Ушул тушта Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен мурунку премьер-министр Темир Сариевдин биригиши ыктымал экендиги айтылууда.

Азырынча эки саясатчы мындай маалыматты расмий тастыктай элек. Кыргызстандын саясий турмушунда буга чейин тандем, биригүүлөр болгон, бирок дээрлик баары ийгиликсиз аяктаган эле.

Өмүрбек Бабановдун башка саясатчылар менен биригүү тажрыйбасы бар. Былтыркы парламенттик шайлоодо анын “Республика” партиясы Камчыбек Ташиев жетектеген “Ата Журт” партиясына кошулган эле. Эми анын президенттик шайлоого Темир Сариев менен бирге баруу ыктымалдыгы айтылууда. Тактала элек маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Сариев президент, ал эми Бабанов өкмөт башчы болууну макулдашуусу мүмкүн. Азырынча бул жоромолду экөө тең ачык ырастап же жокко чыгарыша элек.

Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып саясий биригүүлөрдү демократиялык жараяндын кадимки көрүнүшү катары сыпаттады. Эл өкүлү Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого чогуу барышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.

Руслан Казакбаев
Руслан Казакбаев

- Президенттик шайлоого карата биригүүлөр сөзсүз болот. Саясат деген бул - консенсус. Элдин кызыкчылыгы үчүн биригүүгө барыш керек. Биригүүнүн жакшы үлгүсү деп “Ата-Журт” менен “Республика” партияларынын кошулганын айтаар элем. Ачыгын айтыш керек, көч бара-бара оңолот дегендей баары эле оңой болгон жок. Ошондой болсо да биригип, 350 миң добуш менен парламентке чогуу келдик. Лидерлердин ортосунда, партия ичинде пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бирок негизинен баары ошол эле бойдон. Негизи саясий лидерлердин биригүүсүн жаңы, өзгөчө окуя катары карабаш керек. Бул табигый көрүнүш. Бабанов менен Сариевдин биригери тууралуу менде азырынча эч кандай маалымат жок. Бирок экөө тең мурунку өкмөт башчы, төбөсү көрүнгөн саясатчылар. Биригүүгө барышы мүмкүн.

Анткен менен мындай биригүүлөрдөн көңүлү калгандар да бар. “Республика - Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев саясий лидерлер мындайда тар кызыкчылыкты көздөйт деген пикирде:

- Парламенттик шайлоо алдындагы биригүүлөр, андан кийинки ажырашуулар саясатчылардын коомчулук, шайлоочулар менен эсептешпегенин көрсөттү, элди алдоо болуп калды. Доо кетти, эл буга ишенбей деле калды. Мен эми ошондой чоң биригүүлөргө ишенбейм, себеби мен “Ата-Журт” менен “Республика” биригип жатканда ошонун башында болгом. "Саясатта түбөлүк достук жок, убактылуу гана кызыкчылык" бар деген сөздүн анык экенине көзүм жетти. Ошондуктан мындай биригүүлөрдүн келечегине көзүм жетпейт.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” менен Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясынын бириккени көпчүлүккө күтүүсүз болгон эле. Бирок “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” деген партиясы жетиштүү добуш топтой албагандан кийин дароо бөлүнүп кеткен. Адахан Мадумаров бөлүнүп кеткен себебин мындайча түшүндүрдү:

Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров
Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров

- Шайлоонун алдында бириктик, андан кийин съезд өткөрүп ар кимибиз өзүбүздүн жолубуз менен кетебиз деп расмий айтпадыкпы. Эмне себептен бөлүнүп кеттиңер деп кызык суроо берет экенсиз. Ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик да. Сурооңузга кантип жооп берсе болот? Эми бирккендер биригип, бөлүнгөндөр бөлүнүп жатат, мындай болгон жана боло берет. Биз парламентке өтсөк анда бириккен боюнча калат элек, өтпөй калгандан кийин тактика өзгөрүлөт. Мунун эмнеси бар экен?

“Демократ” партиясынын лидери Азамат Акелеевдин баамында, буга чейин биригип кайра бөлүнүүлөр бир программанын, баалуулуктардын айланасында чогулбагандын кесепетинен чыкты:

- Консолидация программанын, идеологиянын, коомдук баалуулуктардын айланасында болушу керек. Бизде болсо кайсы бир адамдардын, кландардын негизинде болуп жатпайбы. Биз ошол тажрыйбадан кетсек жакшы болмок. Анан азыр оппозиция жокко эсе болуп жатпайбы, альтернатива боло алчу оппозиция жаралса жакшы болмок. Эми Сариев дагы, Бабанов дагы ачык, эркин экономиканы жактаган адамдар катары бириксе, кандайдыр бир көз карандысыз саясат жүргүзө алгыдай болсо, менимче, көп эле билимдүү жаштар колдомок. Айрыкча тышкы саясат жактан көз карандысыз болуп, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча либералдуу экономикалык программалар менен чыкса жакшы болмок.

Кыргызстандын саясий турмушунда мурунку президент Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми өзгөчө белгилүү. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов бири президент, экинчиси премьер болууну макулдашып шайлоого чогуу барган эле. Бирок көпкө созулбай мамилелерине жарака кетип, бул тандем бир жарым жылдай гана созулган. Кулов премьерликтен кетери менен дароо оппозицияга өткөн.

XS
SM
MD
LG