Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

Eurovision-2016 сынагында Жамала жеңүүчү болду


Жамала сынактын баш байгеси - Хрусталь микрофон менен. 14-май, 2016-жыл, Стокгольм.
Жамала сынактын баш байгеси - Хрусталь микрофон менен. 14-май, 2016-жыл, Стокгольм.

Швециянын Стокгольм шаарында 14-май күнү жыйынтыкталган Eurovision-2016 эл аралык популярдуу шоу сынагында украиналык ырчы Жамала баш байгени жеңип алды. Ыр таймашта ал атаандаштарынан озунуп алдыга чыгып, 534 добуш алды. Европа телерадиоберүү бирикмеси быйыл жеңүүчүнү аныктоо шарттарын өзгөртүп, алгач калыстар тобу ыйгарган упайларды санап, аягында көрөрмандардын добуштары кошулду.

Жыйынтыгында алдыңкы бешиликке төмөнкү мамлекеттердин ырчылары кирди:

1-орун – Украина (534)

2-орун – Австралия (511)

3-орун – Орусия (491)

4-орун – Швеция (261)

5-орун – Франция (257)

Сынактын жарым финалы 10-12-май күндөрү өтүп, ага катышкан 36 мамлекеттин ичинен 20 өлкө финалга жолдомо алган. Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү саналган беш мамлекет - Британия, Франция, Испания, Италия, Германия жана сынакты өткөрүп жаткан Швециянын ырчылары түз эле финалга чыгышты. Ошентип, жалпысынан баш байге үчүн күрөш 26 мамлекеттин ырчыларынан ортосунда жүрдү.

Быйыл шоу-сынактын добуш саноо ыкмасы өзгөртүлдү. Алгач Улуттук калыстар топтору ыйгарган упайлар, андан соң көрөрмандардын добуштары саналды. Жыйынтыгында 534 упай менен Жамала жеңүүчү аталды.

Украина президенти Петро Порошенко өлкө намысын коргогон ырчыны алкап, Твиттердеги баракчасына “Украина эли Жамалага терең ыраазы” деп жазды.

Жамала деген ат менен таанылган ырчынын өз ысымы Сюзана Жамалдинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.

XS
SM
MD
LG