Бүгүн 5-май Конституция кунүнө карата, Каракол шаарынын борбордук аянтында 247 жаш жоокер салтанаттуу түрдө аскердик ант беришти. Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Закировдун айтымында, бул жоокерлер Бишкек шаарынан, Нарын жана Ысык-Көл облусунан келген. Ысык-Көлдө Мамлекеттик чек ара кызматынын окуу борборунда 60 күндүк атайын аскердик окуудан өткөндөн кийин Нарын, Талас, Чүй облустарына, Балыкчы шаарларына кызмат өтөөгө кетишет.