Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:20

Климат боюнча келишимге расмий кол коюлат


Антарктиданын батышы. 4-март, 2016-жылы тартылган сүрөт. Метеорология боюнча дүйнөлүк уюм 2015-жыл эң ысык жыл болгонун жарыялаган.
Антарктиданын батышы. 4-март, 2016-жылы тартылган сүрөт. Метеорология боюнча дүйнөлүк уюм 2015-жыл эң ысык жыл болгонун жарыялаган.

Былтыр декабрда Париждеги саммитте жетишилген келишимге кол коюу үчүн дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү бүгүн Улуттар уюмуна чогулууда.

Документке расмий кол коюу жөрөлгөсүнө БУУ башкатчысы Пан Ги Мун, француз президенти Франсуа Оланд жана башка дүйнө лидерлери да катышат.

Париждеги саммитте 200дөй өлкө тарабынан жактырылган келишимдин максаты - абанын глобалдык температурасындагы орточо өсүштү 2100-жылга карата индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо.

Улуттар уюму келишимге кол коюп жаткан өлкөлөрдүн көптүгүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү глобалдык колдоо катары сыпаттоодо. Бирок бир катар экологдор бүгүнкү окуяны эл аралык коомчулукту алагды кылуу аргасы катары сыпатташат.

Климат боюнча Париж келишими 30 күндүн ичинде 55 өлкө же абага бөлүнүп чыккан булганыч газдардын 55% үлүшү туура келген өлкөлөр ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. (UE)

XS
SM
MD
LG