Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Британияда гонореянын оор түрү жайылууда


Британияда кумсалар арасында дарылоого баш бербеген супер-гонорея дарты жайылып жатканы кабарланууда. Бул тууралуу Англиянын коомдук саламаттык сактоо мекемеси билдиргенин "Гардиан" гезити жазып чыкты.

Гонореяны козгогон жаңы күчтүү бактерия азырынча бир да антибиотикти тоготпой жатат. Адистер бул ооруга чалдыккан адамдар тукумсуз эле болуп калбастан таптакыр айыкпай калуу коркунучунда экенин эскертүүдө.

Азырынча супер-гонорея дарты менен Батыш Мидлэнд, Лондон жана түштүк Англиянын айрым тургундары катталган.

Британиянын сексуалдык саламаттыкты сактоо жана ВИЧ оорусу менен күрөшүү биримдиги жеке эле кумсаларды эмес, бардык атуулдарды кылдат болууга чакырууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG