Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Жогорку Кеңеш төрагасы 20-апрелде шайланат


Жогорку Кеңештин төрагасы 20-апрелде жалпы добуш берүү жолу аркылуу тандалат. Бул маселе парламенттин эртеңки күн тартибине кирди.

Бүгүн аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети карап, спикерлик кызматка талапкер катары «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин экөөнүн тең талапкерлигин жактырды жана жалпы жыйында кароону сунуштады.

Кимиси депутаттардын 61 добушунан кем эмес колдоого ээ болсо, кыргыз парламентинин спикерлигине шайланат.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен.

Өткөн апта соңунда спикерликке талапкерди тандоо үчүн коалиция ички добуш берүү жүргүзүшү керек деп "Өнүгүү-Прогресс" сунуштаган, бирок буга "Кыргызстан" макул болбой койгон.

Башкаруучу коалицияга "Ата Мекен", КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG